У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


"Кампаларда ири көлөмдөгү пайдаланылбай калган дарылар табылды". COVID-19дун биринчи толкунундагы кемчиликтер аталды


Өкмөттүн басма сөз кызматы премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артём Новиков мамлекеттик жана муниципалдык органдардын жана жергиликтүү бийлик органдарынын коронавирус инфекциясына каршы туруу, финасылык, гранттык жана гуманитардык жардамдарды рационалдуу пайдалануу маселеси боюнча ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун текшерүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу комиссиянын иши тууралуу маалыматты укканын маалымдады.

Маалыматка ылайык, ведомстволор аралык жумушчу комиссиянын мүчөлөрү тарабынан коронавирустан каза болгондордун саны боюнча айырмачылыктар, коронавирус инфекциясынан дарылоо протоколунун өз учурунда кабыл алынбагандыгы, ошондой эле гуманитардык жардамды эсепке алуунун жана бөлүштүрүүнүн натыйжасыздыгы көрсөтүлгөн.

"Комиссия мүчөлөрү келип түшкөн медициналык гуманитардык көмөктү кабыл алуу жана аны эсепке алуунун так жана ачык-айкын тутумунун жоктугун белгилешкен. Көрсөтүлгөн жардам тууралуу маалыматтар ортосунда айырмаланган фактылар аныкталган.
Атап айтканда, антикоагулянттарды жана башка маанилүү дармектерди камтыган COVID-19 илдетин дарылоонун үчүнчү протоколу Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан 1 айдан ашуун мезгилден соң кабыл алынган. Дарылоонун үчүнчү протоколу 2020-жылдын 15-майында киргизилип, ата мекендик фармацевтикалык компаниялар өлкөгө киргизүү үчүн жактырылган дары-дармектердин тизмесин 2020-жылдын 1-июлунда гана ала алган. Натыйжада, фармакологиялык компаниялар тараптан коронавирус инфекциясынан дарылоо үчүн маанилүү дары-дармектер республикага кечигүү менен алынып келинип, ал өлкөдөгү дары-дармектердин тартыштыгына жана аларга карата баанын өсүшүнө алып келген.

Экинчи дарылоо протоколуна ылайык, 2020-жылдын июнь айында сатылып алынган дары-дармектер үчүнчү дарылоо протоколунун кабыл алынышына байланыштуу пайдаланылбай калган. Буга байланыштуу Медициналык техника жана дары-дармек менен камсыздоо департаментинин кампаларында аталган дары-дармектердин чоң көлөмү табылды.
Мамлекеттик органдар комиссияга «Семетей» госпиталын жана ооруканаларды кайра түзүүгө, профилин өзгөртүүгө кеткен чыгымдар тууралуу кеңири финансылык отчет берген эмес.
Кеңешменин жыйынтыгы боюнча көрсөтүлгөн фактыларды, ошондой эле ведомстволор аралык жумушчу комиссиянын башка корутундуларын тыкыр талкуулоо жана коомго чагылдыруу үчүн Коопсуздук кеңешинин кароосуна киргизүү сунушталды.
Саламаттык сактоо министрлигине көрсөтүлгөн кемчиликтерди жоюу боюнча иш чаралар планын даярдоо тапшырмасы берилди", - деп айтылат маалыматта.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter