У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


"Азия Ньюс" гезити Кашкар Жунушалиевге 300 миң сом төлөмөй болду


Жогорку сот «Азия Ньюс» гезитинин апелляциялык арызын 23-сентябрда карап, буга чейинки Бишкек шаардык сотунун чечимин күчүндө калтырды. Бул тууралуу  гезиттин коомдук жактоочусу, жарандык активист Адил Турдукулов билдирди.

Анын айтымында, Жогорку соттун чечимине ылайык, гезиттин жетекчилиги ички иштер министри Кашкар Жунушалиевге 300 миң сом төлөп берүүгө милдеттендирилди. Экинчи инстанциянын чечими өзгөртүүсүз калганын Жогорку соттун басма сөз кызматы да ырастады.
Быйыл 26-февралда Бишкек шаардык соту гезитти министрге 300 миң сом доо төлөп берүүгө милдеттендирген чечим чыгарган. Басылманын редактору Аслан Сартбаев жана жактоочулар буга макул болбой, Жогорку сотко даттанган.

Эске салсак, Кашкар Жунушалиев «Азия Ньюсту» 2019-жылдын 25-апрелинде (№16) жана 16-майда (№19) чыккан сандарындагы макала, коллаждар үчүн сотко берген. «Гезиттеги материалдар ар-намысыма шек келтирди» деген негизде беш миллион сом өндүрүп берүүнү өтүнгөн.

Министрдин доо арызын алгач Бишкектин Октябрь райондук соту карап, былтыр декабрда Жунушалиевдин пайдасына чечим чыгарган жана гезитти миллион сом айыпка жыккан.





Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter