У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


1-сентябрда 1-класстар үчүн салтанаттуу линейка уюштурулбайт


Билим берүү жана илим министрлиги эксперттик-консультативдик кеңеш менен биргеликте пандемия шартында жалпы билим берүү уюмдарында окуу процессин уюштуруу боюнча нускама иштеп чыкты. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалым болгондой, ал райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнө жеткирилди. Нускамада окуу процесси салттуу (1-класс) жана дистанциялык (2-11-класс) түрдө өткөрүүдөгү райондук, шаардык билим берүү бѳлүмдѳрүнүн мектеп администрациясынын жана мугалимдердин милдеттери так көрсөтүлгөн.
1-сентябрда менчик формасына жана түрүнө карабастан, республиканын бардык билим берүү уюмдарында 1-класстар үчүн салтанаттуу линейка уюштурулбайт. Билим күнүндө салттуу түрдө ийкемдүү графикке ылайык, "Сүйүктүү Кыргызстаным" аттуу 1-сабак өткөрүлөт.


Мындан сырткары нускамада окуу процессин уюштуруу, окуучуну мектепке тосуп алуу шарттары, класс ичиндеги алгоритмдер, танапис учурундагы талаптар, окутуу салттуу жана дистанциялык түрдө жүргүзүүдөгү ата-энелердин милдеттери так жазылган.
Нускаманы бул жерден жүктөп алсаңыз болот: Нускама.docx
Белгилей кетсек COVID-19 пандемиясына байланыштуу жаңы окуу жылында 1-класстар гана салттуу режимде билим алышат.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter