У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Лаура Сурамбаева, косметолог: «Бырыштарды кетирүүгө бырышка каршы бет майлардын күчү жетпейт»



Лаура Сурамбаева, косметолог:
«Бырыштарды кетирүүгө  бырышка каршы бет майлардын күчү жетпейт»

- Лаура, адамдын жүзү менен иштейт экенсиӊ, айрым учурларда туура эмес процедураларды жасап алам, кардарымдын жүзүн бузуп алсам кантем деген коркунучтар болбойбу?
- Туура айтасыз, адамдар менен болгондо да алардын жүзү менен иштөө абдан оор. Ошондуктан коркунучтар сөзсүз болот. Бирок мен медициналык билим алып жана чала билген нерселер менен иш алып барбагандыктан кардарларымдын нааразычылыгын жаратпайм.  Кандай гана процедураларды жасабайын баарын окуп, эмнелер колдонулат кандай каражаттар менен иштөө керек экендигин жана алардын курамында эмнелер камтылганын кылдаттык менен карап, ал нерселер адамдын жүзүнө терс таасир этпейт деген жыйынтыкка келгенден кийин гана ошол процедураларды жасай баштайм. Болбосо азыр бизде косметологдор да, ар кандай косметикалык каражаттарды сунуштаган компаниялар да көп. 

- Жаз келгенде бетке кантип кам көрүү керек?
- Жаздында күндөн коргонуу керек. Себеби жазында күн ачуу тийип бетке тактардын түшүшүнө алып келет. Бетти күндөн коргоо үчүн атайын күндөн коргоочу бет майларды колдонуу зарыл. Айрым кыздар, негизи косметолог болгонго чейин өзүм деле күндөн коргоочу бет майларды көл жээгине барганда гана колдонот деп ойлочумун. Бул чоӊ жаӊылыштык. Күндөн коргоочу бет майларды күндө колдонуу керек. Анан эртеӊ менен сүртүп чыгып кетип кечинде келип жууган да жарабайт. Күндөн коргоочу бет майларды 4-5 саатта бирден жаӊыртып жууп туруу зарыл. Болбосо бет майдагы токсиндер бетке зыянын тийгизет. 

- Күндөн коргоочу бет майлар 30-40-50 деп бөлүнөт эмеспи. Бул сандардын канчалык таасири бар?
- Эч кандай деле айырмачылык жок. Жакшы, сапаттуу бетти  күндөн коргоочу бет майдын коргоо пайзы 30 болушу да мүмкүн. Эми 50-60 дегендер бир саатка көбүрөөк коргошу ыктымал. Негизи беттин териси 15 мүнөт өзүн күндүн зыяндуу нурларынан коргой алат. Андыктан дүкөнгө чыкканда мындай бет майларды колдонунун зарылчылыгы жок. 

- Косметикалык каражаттардын баасы сапаттына жараша болобу?
- Албетте, арзандын тузу татыбайт деп коет эмеспи, анынсыӊары баасы арзан бет майлардын бетке тийгизген таасири жокко эсе десек болот. Андай косметикалык каражаттар айрым учурда бет терсинин бат картаюсуна алып келиши мүмкүн. Кымбат баалуу бет майлар атайын дерматологдордун текшерүүсүнөн өтүп андан кийин гана колдонууга берилет. 

- Бырыштарды косметикалык каражаттар менен кетирсе болобу?
- Убакыт бизге каршы иштейт. Ошентсе да бырыштардын тереӊдеп кетпешинин алдын алса болот.  Бырыштарды кетирүүгө  бырышка каршы бет майлардын күчү жетпейт. Ал үчүн атайын жашартуучу массаждарды, ийне менен дарылоо курстарын да камтыш керек. 

- Мезотерепиянын терс таасирлери барбы?
- Биз колдонгон каражаттардын баары экологиялык жактан таза, бетке керектүү витаминдер болгондуктан дарылоо учурунда да, андан кийин да эч кандай терс таасир этпейт. Биз ийне менен бетке зарыл болгон витаминдерди гана куябыз.  Мезотерепияны 20 жаштан жогоркулар жасата берсе болот. Бирок баасы бир аз кымбатыраак болгондуктан ар бир аялзаты эле бул процедураны ала албайт. Биз бааларын арзан да кое албайбыз. Анткени бизге келген витаминдердин баасы кымбат. 

- Беттин терисин  кантип таза сактаса болот?
- Эӊ башкысы туура кам көрүү керек. Ар бир кыз өзүнүн бетинин терисинин тибин билиши зарыл жана ошого жараша бет майларды колдонуусу шарт. Ошол менен бирге бетти жуубай жатуу эӊ чоӊ катачылык. Жуубулбаган бет эс албайт, ага кислород жетпейт. Натыйжада тери кургап бырыштар түшүп,  эрте картаюуга жол ачылат. Эгер адам өзү бетке туура кам көрүүнү билбесе косметологдордун жардамына кайрылса болот. Бетке туура кам көрүп,  сапатуу каражаттарды колдонсо эле жүзүбүз сулуу жана нурдуу болот.
Жаркынай Кадыркулова 



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter