У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Жумабеков: "Гансиде пневмония менен жабыркагандар үчүн 200 орун даяр"


Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борбору мурунку аскер базасы "Гансиде" 200 орун даярдалганын Sputnik агенттигине аталган борбордун жетекчиси Сабырбек Жумабеков билдирди.

Анын айтымында, бул жерде коронавирустан улам пневмонияга кабылган бейтаптар дарыланат.

"Гансидеги" биздин филиал Саламаттык сактоо министрлигинин демилгеси менен ачылды. Алгач жүз орун алып, кийинчерээк кайра дагы жүз орун менен толуктадык. Филиалыбыздагы 200 орундуктун баарында тең пневмония менен жабыркаган бейтаптарды кабыл алабыз. Бейтаптарды толугу менен биздин атайын окуудан өткөн кызматкерлерибиз дарылайт", — деди Жумабеков.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter