У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Бообек Ажикеев: Өлкөдө май, ун, кумшекер жетиштүү…

 
Кыргызстанда майдын, ундун, кумшекердин запасы жетиштүү. Бул тууралуу маалымат жыйынында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин башчысы Бообек Ажикеев билдирди.
 
«Акыркы үч күн дүрбөлөӊ кантип бүтүндөй калкты каптап кетерин көрсөттү. Дүкөндөрдүн текчелеринде кумшекер таптакыр жоголду. Биздин анализ дүңүнөн сатуучуларда шекер бар экенин көрсөттү. Бирок алар чекене сатылып кеткендиктен, толугу менен күтүлгөн түшүнбөстүк пайда болду»,- деди ал.
 
Бообек Ажикеев кошумчалагандай, бүгүнкү күндө Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун резервдеринде азык-түлүктүн запасы жетиштүү.
 
«Эгерде 30 жыл бою резервдеги азык-түлүк запасы тонолгон болсо, азыр биринчи жолу азык-түлүк запасын толуктап алдык. Андыктан калк арасында кооптонууга негиз болбошу керек. Эӊ зарыл продукциянын баасын негизсиз жогорулатууга жасалган ар кандай аракеттерге катуу тыюу салынат. Азык-түлүк коопсуздугу министрлер кабинетинин жана мамлекет башчысынын көзөмөлүндө. Ошондуктан, ун, кумшекер, өсүмдүк майынын запасы бар жана алар жетиштүү деп ишенимдүү айта алам», - деди ӨКМ башчысы.
 
Министр жарандарды дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырды.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter