У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


“Таатан” соода борборунун сатуучулары жаңы Салык кодексине каршы митингге чыгышты


 Бишкектеги “Таатан” соода борборунун сатуучулары жаңы Салык кодексине каршы чыгышты. Нааразылык акциясына 50дөн ашык адам чогулду. Алар ККМ (көзөмөл- кассалык машина) орнотууга каршы.
 
«Көпчүлүк товарларды сатуу үчүн алышат, ал кымбатыраак болот. Алынган товардын үстүнө 200-500 сом кошулат. Ал эми биздин тапкан кирешебизге эмес, жалпы суммага салык салынып жатат. Албетте, биздин жылдык товар жүгүртүүбүз 8 миллион сомдон ашат. Бирок кээде товарды өздүк наркы менен берүүгө туура келет, негизи бир диванды сатуудан болгону 2 миң сом алууга болот. KKM орнотуу талап кылынбайт. Дайыма сырсөздү, ПИН коддорду жана башкаларды киргизип туруруу керек болот, аны кардарлар күтөбү?" – деп нааразы болгондор суроо беришет.
 
Белгилей кетсек, 2022-жылдын 1-январынан тарта жаңы Салык кодекси күчүнө кириши керек. Буга чейин сатуучулардын кассалык аппараттары болсо, аларды салыктан бошотуу сунушталган.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter