У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Социалдык тармактарда пенсиянын азайгандыгы тууралуу билдирүү тарады. Соцфонддун жообу…


Социалдык фонд пенсиянын өлчөмүн кыскартуу жөнүндө социалдык тармактарда тараган маалыматтарга байланыштуу түшүндүрмө берди. 
 
Алардын айтканына караганда, пенсиядагы айрым кыскаруу учурлар төлөө боюнча автоматтыштырылган тутумдун ишке киришине байланыштуу болуп жатат. Пенсияны массалык түрдө кыскартуу болгон жок.  
 
Маалыматка ылайык, санариптештирүүнүн алкагында Соцфонд эсептешүү тутумун автоматташтырган.
 
“Ушуга байланыштуу пенсияны мурдагыдай суммада ала албай калган айрым учурлар бар, бирок массалык негизде мүнөздөлбөйт. Мурда пенсия колго берилип, адамдык фактор катышчу. Мүмкүн, мисалы 5 миң 100 сом чегерилчү, бирок азыр автоматтык тутум 5 миң сом пенсия чегерет, анткени бул туура эсеп. Автоматтык система пенсияны чегерүүнү мыйзамдарга ылайык келтирет экен”,-деп билдирди Соцфонд. 
 
Эске салсак, буга чейин социалдык тармактарда аз пенсия алып калган пенсионерлер тууралуу маалымат чыккан.
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter