У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Айыппулдан 686 миллион 254 миң сом түштү

Кыргызстанда «Коопсуз шаар» долбоору ишке кирген бир жыл ичинде жол эрежесин бузуу боюнча 1 млн. 32 миң 673 токтом чыгарылган.  Анын ичинен азыркы учурга чейин 590 миң 130 токтом боюнча айдоочулар айып  пул төлөшкөн. «Коопсуз шаар» долбоору 2019-жылы 12-февралдан тартып Бишкекте ишке кирген.

Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Нур Сатыбалдиев, «төлөнгөн айыппулдардын суммасы 686 миллион 254 миң сомду түздү» билдирди. Бул жалпы сандын 57,2% түзөт.

Бул долбоордун алкагында учурда 110 камера ортотулган. Анын 90у стационардык, ал эми калган 20сы көчмө аппараттар болуп эсептелинет. Булар негизинен Бишкек шаарындагы 38 көчөнүн кесилиштерине коюлган.

Долбоордун биринчи баскычын орусиялык «Вега» концерни ишке ашырды. Ал эми «Коопсуз шаар - 2» долбоору үчүн тендер жарыяланып, анда кытайлык «Shenzhen Sunwin» компания жеңүүчү аталган.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter