У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Прокурор болуп өлгүң келет. Кайтыш болгон прокурордун үй-бүлөсүнө 21,7 миллион сом төлөнөт...

 
Чаткал районунун каза болгон прокурору Б.Жанузаковдун үй-бүлөсүнө 21,7 миллион сом төлөнөт. Бул тууралуу 15-майда Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында белгилүү болду.

Башкы прокурордун орун басары Үмүткан Коңкубаева прокурор кызматтык милдетин аткарып жатып каза болсо, анын үй-бүлөсүнө 20 жылдык орточо маяна өлчөмүндө бир жолку жөлөкпул төлөнөрүн билдирди.

Мындай очойгон жөлөкпулдун суммасына депутаттар абдан таң калышты. Депутат Камила Талиева: "Ушундай чыгашаларга жете турган өлкө казынасына даңк. Мектепке 5 миллион сом таба албай жатабыз. Мен таң калып жатам. Кайран гана элдин акчасы...», - деди...

Дагы бир эл өкүлү Надира Нарматова: «Айтпай коюуга болбойт. Прокуратура, сот органдары өздөрү үчүн мыйзамды ашыкча жазып алышптыр. Бул мыйзам боюнча прокурор болуп өлгүң келет. Прокурорлордун өмүрүн тилейли. Туура эмес жагы да бар. Пенсияга чыкканда да миллиондорду алышат. Бир прокурорго 21 миллион сом төлөш керек. Бул өлкөнүн бюджети. Мыйзамды өзгөртүү керек», - деди депутат.

Нарматова прокурорлордун пенсияга чыгышы тууралуу да сурады. Коңкубаеванын айтымында, алар пенсияга чыкканда бир жылдык маяна алышат.

- Эмгек стажы боюнча пенсияга чыгып жатканда 800 миң сомдон алышат экен да? - деп сурады Нарматова.

- Ар кимде ар кандай болот, стажына жараша, - деп жооп берди башкы прокурордун орун басары.

Депутат Нарматова бул көрүнүш мугалимдерге карата адилетсиздик болгондуктан, мыйзамды өзгөртүүнү сунуштады.

- Бул туура эмес. Адилетсиздик болбошу үчүн бардыгын өзгөртүү керек. Мугалимдер 2-3 миң сом менен пенсияга чыгышат. Бул теңчиликтин жоктугу. Биз калыстык кылышыбыз керек», - деди...

Добуш берүүнүн жыйынтыгында депутаттар каза болгон прокурордун үй-бүлөсүнө бир жолку жөлөкпул берүүнү жактырышты.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter