У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Абак жана теледебат, 31 жылда мындай болгон эмес...


Кемпир-Абад маселесине байланыштуу камакка алынып, сурак беришип абакта отурушкан Равшан Жээнбеков менен Илгиз Шаменов бир мандаттуу Ленин райондук шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутатыгына ат салышып жатышат.

Равшан Жээнбеков өткөн шайлоодо дал ушул райондон катышып мандатын өткөрүп берген Жаныбек Абировдон гана утулуп, экинчи орунду алган эле. Бул жолу кандай болот болду экен?

Ал эми Илгиз Шаменов дагы дал ушул Ленин районунан Бишкек шаардык кеңешине депутат болуп шайланган болчу. Демек, мунун дагы колдоочулары жетиштүү.

Айтмакчы, бул экөөнүн адвокаты Замир Жоошев фейсбук баракчасына "31 жылда мындай болгон эмес" деген темада билдирүү жасады.

Андагы маалыматта: "Борбордук шайлоо комиссиясында өткөрүлгөн чүчүкулактын (жеребьёвка) натыйжасында Илгиз Шаменов 22-майда, ал эми Равшан Джеенбеков 23-майда теледебатка катышаары аныкталды. Теледебат УТРКнын түз эфиринде өтөт. Ага Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлер катышышат. Менин билишимче Кыргызстан 1991-жылы эгемендүүлүк алгандан бери СИЗОдо отурган бир да айыпталуучу мамлекеттик кызматка талапкер катары теледебатка катышкан эмес. Бирок мындай иш чараны мыйзамдуулук жагынан да, иш жүзүндө да жасаса болчудай. Эсиңерде болсо 26-апрелде Равшан Джеенбеков жана Илгиз Шаменов конвойдун коштоосунда БШКга жеткирилген эле. Эми СИЗОдогу эки талапкерди ошондой кылып конвой менен теледебатка алып барышса - 31 жылда болбогон окуя орун алчудай. Бүгүн теледебатка алып чыгуу жөнүндө өтүнүч менен Жазаларды аткаруу кызматына кайрылдык. Эми расмий жоопту күтөбүз. Баса, бүгүн Илгиз Шаменов ооруканадан СИЗОго которулду. Ден-соолугу жакшы", - деп айтылат.

Эгер, бийлик чындап Жээнбеков менен Шаменовго теле дебатка катышууга шарт түзүп берсе, тарыхта болбогон окуя жаратат. Белгилей кетсек, учурунда Ишенбай Кадырбеков Нарында түрмөдө жатып Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter