У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Энергетика министри Таалайбек Ибраев светтин өчүшүнө элди күнөөлөдү...

 
Энергетика министри Таалайбек Ибраев Жогорку Кеңешке келип, кышка даярдыктары 110% мыкты болгонун саймедиреп, жөө жомок айтып күйгүздү.
 
Эл өкүлдөрүнүн "даярдыгыңар мыкты болсо анда эмнеге свет өчүп эл кыйналып жатат" дешсе, кызарбай туруп "эл электр энергиясын нормадан ашык колдонуп, электр линиясына, подстанцияларга күч келип жатат, мен эки-үч айда ГЭС кура албайм да", - деп беттырмап, догун артты.
 
Суудан кургак чыгуу жагынан, бир кездеги устаты Алексей Ширшовдон ашып түшүптүр. Ошол себептен, учурунда кылмыш иши козголгонуна карабай, мыйзамдын укуругуна илинбей, Байсалов айтмакчы кылы кыйшайбай министр болуп отурат.
 
Негизи, жооптуу кызматтарга Ибраевге окшогон териси калың, уят, жоопкерчилик дегенди билбеген жандимилерди жолотпош керек болчу. Булар ар дайым өздөрүн аппак көрсөтүп, элди күнөөлүү кылат. 
 
Буга анын "кышка даярдыгыбыз укмуш эле, эл нормадан ашыкча колдонуп жатат" деген сөзү далил. Элдин кычыраган кыштын чилдесинде тоңуп жатканы менен иши жок. Анан кебелбестен, светти кайсы убакта өчүрүү боюнча график иштеп чыкканын айтып, мурдун балта кеспей сүйлөп жатат. Ушундайлар эл тагдырын чечип жатса, анан кантип мамлекет оңолот? 
 
Эл өкүлү Тазабек Икрамовдун:

"Сиз 2009-жылы Ширшов менен иштеп жатканда электр энергиясын өчүрүүлөр болгон. Эмне үчүн 2010-жылдан кийин андай болгон жок? Сиз бийликке келгенге чейин өчүрүүлөр болгон эмес. Сиз бийликке келдиңиз, эми кайра кайталанып жатат", - деп белгилеп, министрди жоопкерчиликке тартуу керектигин айтканында кашкайган чындык бар.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter