У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


УКМКнын “мурдуна бок сүртүп” министр болгонуңуздун сыры эмнеде?

Санарип министри Талантбек Имановго оңтойсуз суроолор?

- Талантбек Орускулович, Сиздин былыктарыңызды “Азаттык” ташка тамга баскандай иликтеп чыкты. Ийиниңизге кире албагандай куйругуңузда калдыраган калбыр барына карбай, кантип Санариптик өнүктүрүү министрлигин мыкчып отурасыз? Баскан изиңиз күмөндүү, кызматтык ишмердүүлүгүңүз мандемдүү сизди эмнеге министр кылды деп ойлойсуз?  

“Дастан” ишканасын жетектеп турганыңызда “Дастанга” келген 3 млн. доллардын 54 млн. сому алгач заводго караштуу “Улан” ишканасына которулуп, андан кийин “Альфа Легион” компаниясы менен түзүлгөн жасалма келишимдин негизинде чыгарылып кеткен кылмыштуу иштен кантип кургак чыктыңыз эле? Сыры эмнеде? 

Кызыгы, сиз Санарип министрлигине дайындалып жатканда, 54 млн. сомго байланыштуу айыпталган   ”Уландын” директору Руслан Жампеишов менен “Альфа Легион” компаниясынын жетекчиси Карыпбай Джамансариевдин  46 млн. 108 миң сом уурдалган каражатты кайра ордуна кайтарды деп акталып кеткенин кандай түшүнсөк болот?

Ошол кезде Жогорку Кеңештин депутаты Жеңишбек Токторбаев УКМК сизге кылмыш ишин козгогонун, бир ай СИЗО жатканыңызды айтып, анан кантип министрлик кызматка келе жатат деген суроо берди эле? Ал иштин учу 54 млн. сом менен Курманбек Дыйканбаевге байланыштуу эмес беле?  

Дегенибиз, 2020-жылкы парламенттик шайлоодо, ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбековдун Жогорку Кеңештеги өкүлү Курманбек Дыйканбаевге (24-ноябрда Улуттук коопсуздук кызматы Курманбек Дыйканбаевди кармайт. Ал Жазык кодексинин 320-беренеси Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" менен айыпталып, атайын кызматтын тергөө абагына камалган)  “коркутуу аркылуу 7 млн. сом пара алган” деген өңүттө арыз жазып каматып, кийин “карыз катары эле бергем, доом жок” деп махинация жасаган жоругуңуз менен УКМКнын ишмердүүлүгүнө көө сүртүңүз да туурабы? 

Учурда сиз жетектеген Санарип министрлигине “Евразиялык сактык банкы”, Кыргыз телеком”, “Альфа телеком” ишканалары жана “Дастан” заводу өттү. Эми “Дастанды” жетектеген учуруңуздагы ишканадан чыгарылып кеткен 54 млн. сом кылмыштуу ишти эске алганда, жогоркуда аталган ишканаларды сиздин көздөй адамдарыңыз түздөн-түз башкарып турса, 2020-жылдагыдай схема башталып, мамлекеттик ишканалардан миллиондор чыгарылып кетпейби?  

Бир кездеги “шефиңиз” Алексей Ширшов менен болгон тыгыз байланышыңыз дагы күмөндүү ойлорду жаратат? Жакында сиздин кулагыңыз чырлуу, мандемдүү иштерден чыгат деп ишенимдүү түрдө божомолдой берсек болобу? Ошондо кайырмакка илинесизби? Же дагы да болсо УКМКнын мурдуна бок сүртүп мыш кылып, министр болуп кеткендей суудан кургак чыгасызбы? 

Дегенибиз, сиздин төбөңүз көрүнгөн чырлуу иштерге УКМК кылмыш ишин козгойт, жыйынтыгында айран ичкендер кутулуп, аяк жалагандар тутулуп, акыры алар да аппак болуп чыгышат. Кандай керемет? Шайтанды жолдон чыгарчу мындай сыйкырларды кимден үйрөндүңүз эле?



Пикир калтыруу
  • Sypjqy
  • 26-11-2022, 15:11
  • : 15:11
    • Нравится
    • 0
buy levofloxacin pill levaquin 500mg price
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter