У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Равшан Жээнбеков: "Тергөөӊөргө да, түрмөӊөргө дагы даярмын…"

Саясатчы Равшан Жээнбеков фейсбук баракчасы аркылуу УКМК ага карата дагы бир кылмыш ишин козгоп жатканын маалымдады. Бул туурасында:

- УКМК мени саясий серепчи Марат Казакпаевдин саясий өлүмү боюнча мыйзамсыз маселе көтөрдү деп Кылмыш жазык кодексинин 363-статьясы менен күнөөлөп жатыптыр. Натыйжада мени УКМКга алып барып, жаӊы кылмыш ишин козгойт экен. Эмне демекчимин, мага, менин туугандарыма, жакындарыма 16 кылмыш иши козголгон. Бул 17-си болот. Мен бул режимден, УКМКдан, Камчыбек Ташиевден да коркпойм. 

Азыр Камчы өтө кыйын. Анда байлык, бийлик, акча бар. Азыр ага мен азырынча атаандаша албайм. Эгер чакырса барам. Түрмөгө отургузам десе отурам. Мен ал жакты көргөм. Мен үчүн жаӊы нерсе эмес. Эгерде Камчы атаандашам десе, отставкага кетсин. Президент Саламаттыкты сактоо министрине мыйзамсыз иш козгогону үчүн Башкы прокурорду убактылуу, же таптакыр кызматтан четтетти.

Ал эми УКМКнын абагынан киши өлүп жатат. Биз оппозция УКМКнын жетекчиси тергөө иштери бүткөнчө убактылуу кызматтан кетиши керектигин талап кылганбыз. Сыягы, Камчы сынды көтөрө албайт окшойт. Оппозциянын, менин сыныман соӊ кылмыш ишин козгоп жатат. Эмне демекчимин, чакырсаӊар барам. Тергөөӊөргө да, түрмөӊөргө дагы даярмын, - деп билдирди…


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter