У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кызматтык машинаны мас болуп айдап кырсыкка кабылган МАИ кызматкери камалды...


11-июнда Бишкек-Торугарт унаа жолунун 12-чакырымында, Ысык-Ата районунун Ак-Кудук айылына жакын жерде Ички иштер министрлигинин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын "Мерседес-Бенц Даймлер Крайслер" үлгүсүндөгү кызматтык унаасы катышкан жол кырсыгына байланыштуу кылмыш иши козголуп, машинаны айдаган жол кыймылын көзөмөлдөө кызматынын ага тескөөчүсү кармалды. Ал Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына камалды. Бул тууралуу ИИМ маалымдады. 

Аталган кырсык боюнча жарандык активисттер, мас абалында делген МАИнин машинесин башкармаган айдоочу боюнча видео тартышып, социалдык тармакка жүктөшкөн. Ал тасмада кырыска кабылган жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынын кызматкерин жоопкерчиликтен куткарып кетүү аракеттери көрүлүп жатканы айтылган.

Алдын ала маалымат боюнча "Мерседес-Бенц Даймлер Крайслер" кызматтык унаасы “Дэу-Тико” үлгүсүндөгү машинаны сүзүп, андан соӊ рулду башкара албай, жолдон чыгып кетип бакты сүзгөн. Кызматтык унаада жараат алган эки кыз болгонун окуянын күбөлөрү видеого тартып, социалдык тармакка жарыялаган. Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы тараткан маалымат боюнча Mercedes-Benz Daimler Chrysler кызматтык унаасы сүзгөн Daewoo Tico унаасынын жүргүнчүлөрү медициналык кароодон баш тарткан. Анын салонунда беш жүргүнчү, көпчүлүгү жаш балдар болгон. Ал эми Mercedes-Benz кызматтык унаасында отурган эки кыз ар кандай деңгээлде жаракат алып, ооруканага жаткырылганы кабарланды.

Жарандык активисттердин айтымында, кызматтык унаа менен жол кырсыгына кабылган айдоочу республикалык жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгынын кызматкери Нурлан Байтбаев экени аныкталган. Ал кызматтык автоунаанын айдоочусу машинени мас абалда башкарып баратышы мүмкүн деген шек менен аны текшерүүнү талап кылышкан.
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter