У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Ашар жолу менен курулган мектеп же билим алуу үчүн төрт чакырым жол баскан окуучулар…


Жалал - Абад облусундагы Ноокен районуна караштуу Бүргөндү айыл аймагындагы Кичи -Бүргөндү айылы жаӊы мектептке муктаж. Кичи-Бүргөндү айылына мектеп биринчи жолу 1918-1919-жылдары салынган. Кийин чет өлкөдөн инвесторлор келип Кичи- Бүргөндү айылындагы эски мектеп бузулуп, ордуна жаӊы мектеп, дүкөн, бакчасы менен бардык шарттар түзүлгөн чакан кооператив уюштурулган. Ал курулушту чехтер салып беришкен. Союз тарагандан кийин кооператив тарап, мектеп бузулуп, бакчасы да талкаланып жок болгон. 
 
Мектептке муктаж болгон айылдын жашоочулары ашар жолу менен Буркан Акамбаев атындагы башталгыч мектепти салышып, айылдагы мугалимдердин жардамы менен балдарга билим берүүнү улантышкан. Элдин күчү, маӊдай тери менен салынган мектеп бүгүнкү күнгө чейин айылдагы билимге суусаган балдарга тамга таанытып, окутуп, билим алуусуна шарт түзүп келет. 
 
Аталган айылдын тургуну Бүмайрам Кадыралиеванын айтканына караганда, мектепте учурда 100дөй бала билим алат. Мектепте беш мугалим иштейт. 
 
«Ашар жолу менен ушул мектепти салып, балдарыбызды окутуп келебиз. Мектептин салынганына көп болду. Мугалимдердин күчү менен мектепти тикелеп кармап турабыз. Жыл сайын сырдап, актап, тазалап турабыз. Учурда мектепте 100дөй бала окуйт. Башында көп болчу. Бул башталгыч мектеп болгондуктан, балдарыбыз 5-класстан баштап төрт чакырым жол жүрүп, коӊшу айылдагы мектепке барып билим алышат. 5-класста башка мектепке барып окугандан балдарыбыз кыйналып жатышат. Ачыкка чыкпаганы менен балдар арасында бөлүп-жаруу, «рэкет» деген нерселер бар. Кийин барып кошулган балдарды коркутуп, бөлүп-жарып, салык салган көрүнүштөр көп болгондуктан, ата-энелер жолдун алыстыгына карабай 1-класстан тартып эле коӊшу айылдагы чоӊ мектептерге балдарын бере башташты. Ошондуктан бизде балдар азайып калды. Эгер биздин айылга да бардык шарты бар жаӊы мектеп салынса, биздин балдар кыштын ызаар суугуна көк муштум болуп тоӊуп, колу-буту суу болуп төрт чакырым жол басып, коӊшу айылдагы мектептке барбайт эле. Чынында кыштын күнү төрт чакырым жол жүрүү мектеп окуучулар үчүн өтө оор»,-деди ал. 
 
Кичи-Бүргөндү айылында жалпысынан 300- 400гө жакын бала билим алат. Жаш үй-бүлөлөрдүн отурукташуусу менен мектептке бара турган балдардын да саны да өсүүдө. Ошондон улам айыл тургундары 400-500 орундуу, спорт залы, концерттик залы, ашканасы бар заманбап жаӊы мектептин курулушун суранышып президентке, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго, Билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиевге, Жогорку Кеӊештин төрагасы Талант Мамытовго кайрылуушуда. 
 
«Биз жогор жакка айылыбызга жаӊы мектеп куруп бергиле деп кайрылат элек. Жогорку Кеӊештин төрагасы Талант Мамытов биздин айылдан, Майлуу-Суудан болот. Шайлоодо биринчи эле үгүт ишин биздин аймактан Бүргөндүдөн баштайт. Айылдын эли да Талант Мамытовду колдоп, биздин аймактан эӊ көп добуш алган. Эки жолку шайлоодо теӊ биздин айылдын эли Талант Мамытовго добуш берген. Биз мектеп маселеси боюнча Кыянбек Сатыбалдиевге,Талант Мамытовго да кат менен кайрылганбыз. Жооп жок. Парламенттин төрагасы катары өз районундагы бир айылдын маселесин чечип бере алат го деп ишеним артканбыз. Биз айыл үчүн же өзүбүз үчүн эмес, келечек үчүн, балдардын билими үчүн кайрылып жатабыз. Мамытов ушул айылдын кулуну катары биздин мектептин маселесин чечип берсе жакшы болот эле. Биздин балдар качанга чейин үшүп-тоӊуп коӊшу айылга каттап билим алат?  Бул жолку кайрылуубуз Билим берүү министрине, Жогорку Кеӊештин төрагасы Талант Мамытовго жетет деп ишенебиз»,-деди Кадыралиева. 
 
Кичи- Бүргөндү айылына жакын жайгашкан эки айылда эки чоӊ мектеп бар. Бири Кичи- Бүргөндү айылынан 3 чакырым, бири 4 чакырым алыс. 5-класстан тартып балдар ошол мектептерге барып билим алышат. Балдарды мектепке ташуу үчүн айыл эли атайын кичи автобус жалдашкан. Автобус балдарды мектепке алып барып кайра алып келет. Ал үчүн бир баладан айына 350 сом акы алат. 
 
«Айылдагылар сүйлөшүп кичи автобусу бар бир тургунбузду балдарды мектепке ташууга макулдашканбыз. Азыр балдар ошол кичи автобус менен барышат. Бир балага 350 сом төлөйбүз. Бир үйдө төрт баласы окугандар бар. Алар айына 1500 сом төлөйт. Айыл эли үчүн 350 сом да табылбай калат. Айылда жумуш жок болсо, элдин караганы жөлөкпул, пенсия. Жол кирге төлөй албагандардын балдары жөө каттайт. Аларды карап жүрөк ооруйт. Кыштын ызаарында чоӊ киши 3-4 чакырым жол жүрө албайт. Буту-колу суу болгон балдар ооруп калышат. Кыштын күнү мектептен чыканча кеч болуп кетет, балдар караӊгыга калышат»,-деп кошумчалады ал. 
 
Жаӊы мектепти курууга адегенде, 2 гектар жер бөлүнгөн. Ал жер да четинен кертилип отуруп, азыр бир чоӊ мектеп, бакчасы менен бата тургандай жер калган. Мектепте иштеген 5 мугалим ошол жерди эч кимге бербей, коргоп, жаӊы мектептин салышыны үчүн болгон аракеттин көрүшүүдө. Айылга жогор жактан текшерүү барып, жаӊы мектеп салганга айыл элинин да, окуучулардын да саны жете турганын, мектеп салынышы керектигин айтып кетишкен. 
 
«Жогор жактан текшерүү келип, мектеп салыныш керек, балдардын саны туура келет экен деп кетишкен. Бирок ошол боюнча эч кандай өзгөрүү болгон жок. Биздин айыл жаӊы мектепке өтө муктаж. 30 жылдан бери балдарыбыз кыйналды. Ар кимге кат менен кайрылып, мектеп керек деп жатып тилибиз тешилди. Бир мектептин маселеси 30 жылдан бери чечилбей келет»,-дейт Бүмайрам Кадыралиева.  


 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter