У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Алымкадыр Бейшеналиев чет өлкөгө кеткенин себебин айтты…


Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, чет өлкөгө иш сапар менен кеткенин билдирди. 
 
«Мен качкан жокмун, чет өлкөдө жумуш менен жүрөм», -деди ал. 
 
Бейшеналиевдин айтымында, медицина бизнесинин “кураторлору” аны каралай турганы күтүлгөн нерсе болгон.
 
«Алар менин кесиптештерим менен түшкөн сүрөттөрүмдү жарыялоо сыяктуу жийиркеничтүү кадамдарга чейин барып жатышат. Саламаттыкты сактоо тармагында көптөгөн аялдар иштегенин белгилейм жана мен бардык аялдарды сулуу деп эсептейм, аларды сыйлайм. Бирок мунун баары «роман» же кызматтык интригалар дегенди билдирбейт. Ал эми кесиптештеримдин пара алуу боюнча даярдалган сценарийден өтпөй калганы саламаттыкты сактоо тармагында тартипти орнотуу боюнча жүргүзүп жаткан иш-аракеттерим туура экенин жана жарандар тарабынан гана эмес, кызматкерлер тарабынан да колдоого алынып жатканын дагы бир жолу далилдейт», - деди министр.
 
Бейшеналиев белгилегендей, анын аброюн түшүрүү үчүн медайымдардын кесиптик майрамындагы акча чогултууну пайдаланышкан.
 
«Учурда мен качып жүргөн жокмун, чет өлкөдө иш боюнча жүрөм. Менин иш сапарымдын максаты - Кыргызстандын саламаттыкты сактоо тармагын чет өлкөлүк кесиптештердин саламаттыкты сактоо тармагындагы тажрыйбасын жана реформаларын колдонуу менен андан ары өнүктүрүү, эффективдүү тажрыйбаларды жайылтуу. Медицинабызды заманбап деңгээлге көтөрүшүбүз керек. Реформалар башталды, жүргүзүлүп жатат жана уланат. А мен коркутуудан коркпойм», - деди министр Бейшналиев.
 
Эске салсак, 13-майда УКМК тарабынан 100 миң 500 сом пара талап кылган деген шек менен Ысык-Көл облусунун саламаттыкты сактоо координатору, Каракол үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директору Б.Ж. жана Саламаттыкты сактоо министринин кеңешчиси кармалган.
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter