У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Манасчы Дөөлөт Сыдыков үй-бүлөсү менен өлкөдөн чыгып кетти…


Залкар манасчы, “Манас айылы” маданий этнографиялык комплексинин жетекчиси Дөөлөт Сыдыков жумушун таштап, үй-бүлөсү менен өлкөдөн чыгып кетүүгө мажбур болду. Бул тууралуу маалымат каражаттары өздүк булактарына таянуу менен жазып чыгышты.
 
Маалыматка ылайык, ал “Манас айылы” маданий этнографиялык комплексинин чуусунан улам жумушун өткөрүп берип, үй-бүлөсү менен Кыргызстандан чыгып кеткен. Азырынча кайсы өлкөгө чыгып кеткени белгисиз.
 
Эске сала кетсек, буга чейин “Манас айылы” маданий этнографиялык комплексинин жерине кызыккан топ пайда болгонун айтып, аталган комплекстин директору, залкар манасчы Дѳѳлѳт Сыдыков чукул кайрылуу жасаган. Андан көп өтпөй, залкар манасчыны басып алып жаткан топ кысымга алып, коркутуп жатканы белгилүү болгон.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter