У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Оой, эл-журт, Жапаровдорду калп айтканды токтоткула, кой дейли…


Сөздү чойбой ток этерин айтсам, Акылбек Жапаров «шыпыртып» бюджетти 400 миллиард сомго жеткирдик деп, элдин башын айланткан калпын качан токтотот?

Бул "шыпыр" консолидацияланган бюджет деп атап, Бишкек, Ош шаарынын, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун, Соцфонддун акчаларын республикалык бюджетке кошуп эсептеп жатат. Ал акчалар мурда эле бар каражаттар болчу. Акылбек асмандан алып, же жоктон бар кылган жок.
 
Бюджетте акча жок үчүн Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунан 160 миллион доллар кредит алып жатышат бюджетти колдоого. Дагы 50 миллион доллар насыя бюджетти колдоого Азия өнүктүрүү банкынан алабыз деп жатышат. Анан кайдан эле бюджет ашып-ташып, Жапаровдор айткандай 2022-жылга 500 миллион доллар каражат (профицит) менен кирдик?

Эгер Кумтөрдөн 500 миллион доллар каражат пайда көргөн болсок, эмнеге мамлекетти карызга батырып бюджетти колдоого карыз алабыз? Эмнеге бюджет ашып-ташып Акылбек Жапаров айткандай 4 млрд. доллардан ашып жатса, акча таппай карайлап кылмыштуулуктун өсүшүнө себепкер болчу шартты жаратышып, машиналардын терезесин 20-50 миң сомго караңгылатканга уруксаат берген мыйзамды киргизип жатышат?

Эмнеге жайыттарды арендага берген 309-токтомду токуп,  депутат Султанбай Айжигитов айткандай улутка кыянаттык кылып жатышат? Эмнеге соодагерлерди кан какшатып ыйлатышып патентти да алдырып, көзөмөл кассалык аппаратты күчтөп койдуруп жатышат? Эмнеге казинолорду ачалы деп чуркап жүрүшөт?  Эмнеге? Эмнеге? Эмнеге? Суроо көп...

Чындык шымын кийгенче, калп ааламды алты айланыптыр дегендей, бул бийлик кыргыз элин жалган менен башкарсак боло берет деп өздөрүнө бекем ишенип алышты көрүнөт.  Ой, эл-журт кой дейли. Калпты ченеп айткыла дейли. Булар Максим Бакиевдин кыргыз элин мазактап, кемсинтип "кой" деген сөзүн лозунг кылышып, карапайым калкты маңыроо ойлоп алышты.

Алмаз ТЕМИРБЕК уулу


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter