У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Оң рулдуу унаалар боюнча мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду


 “Кыргызстандын жол кыймылы жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.
 
Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев демилгелеген өзгөртүүлөр кабыл алынса, оң рулдуу унааларды каттоо мүмкүнчүлүгү кайтарылат.
 
«Мурда өлкөбүзгө алынып келинген жана колдонулуп келген оң рулдуу унаалар эң жакшы техникалык мүнөздөмөлөргө ээ болгон. Анткени алар сапаты жана ыңгайлуулугу жагынан биринчи орунда турган Япониядан алынып келинген. Чыгарылган жылы жана башка техникалык көрсөткүчтөрү биздин ички рынокко башка өлкөлөрдөн кирген сол рулдуу унааларга караганда алда канча пайдалуу. Мындан тышкары, жаңы унаалардын эксплуатацияланышы жалпысынан экологияга да оӊ таасирин тийгизет шаарлардагы ыш маселесин чечилишине да шарт түзөт», - деп айтылат негиздемеде.
 
Депутаттар өлкөгө оң рулдуу унааларды алып кирүүгө жана аларды бир шарт менен каттоого уруксат берүүнү- милдетүү түрдө монитору менен камераларды орнотуу менен сунуштап жатышат. 
 
Эске салсак, өткөн аптада депутат Чолпон Султанбекова Жогорку Кеңеш оң рулдуу унааларды алып кирүүгө тыюу салууну алып салуу боюнча мыйзам долбоорун даярдай турганын билдирген. Бул демилгеге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кескин түрдө каршы пикирин билдирди.
 
Белгилей кетсек, 2015-жылдын жай айларынан тарта оң рулдуу автоунааларды Кыргыз Республикасына расмий түрдө алып кирүүгө жана каттоого тыюу салынган.
 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter