У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Садыр Жапаров бийликте эле эмес, эл арасында да душмандары бар экенин айтты


 Бүгүн өлкө башчысы Чүй облусундагы бир нече жаңы конуштардын жашоочулары менен жолугушту. Жолугушуу учурунда президент анын душмандары бийликте эле эмес, карапайым эл ичинде да бар экенин айтты.  
 
"Бул жерде аксакал мага душмандарым көп экенин айтты. Алар өкмөттө эле эмес, карапайым элдин арасында да бар. Бир эле мисал, көмүрдүн абалы. Бааны арзандатуу үчүн бир ай сурандык. Бир машинадан 10-15 миӊ сом таза киреше көрсө болот. Жок булар 1000 доллар пайда көрүшү керек. Акыркы бул нерсени бийлик өз колуна алып, тоннасын 3000 сомго түшүрдү", - деди президент.
Жапаров Кара-Кече кенинде көмүр казуу иштери 1-1,5 айдан кийин башталганын мойнуна алды. Муну ал саботаж менен түшүндүрдү.
 
"Жайдан бери эки жолу жетекчи алмаштык. Өндүрүш, эч кандай көйгөй болбошу керек, акырындык менен абалды түздөп жатабыз", - деди президент.
 
 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter