У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кыргызстан Индиядан 200 миллион доллар жеӊилдетилген насыя алат


 Кыргызстан менен Индиянын ортосунда насыя бөлүү боюнча келишим түзүлдү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
 
Белгиленгендей, Кыргызстандын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен Индиянын Тышкы иштер министри Субраманям Жайшанкардын Кыргыз Республикасына болгон расмий сапарынын алкагында жолугушту.
 
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тараптар Индия өкмөтү тарабынан Кыргызстанга 200 миллион доллар жеңилдетилген кредит бөлүү боюнча макулдашууга жетишти. Тышкы иштер министрлиги насыя качан жана кандай максатта бөлүнөрүн так айткан эмес.
 
Ошондой эле, тараптар саламаттыкты сактоо, айыл чарба жана агроөнөр жай, кайра жаралуучу энергия булактары, соода жана кыргыз экономикасынын башка артыкчылыктуу тармактары боюнча социалдык жактан маанилүү долбоорлорду ишке ашыруу үчүн ар бирине 1,5 миллион долларга чейин каражат бөлүү тууралуу меморандумга кол коюшкан.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter