У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Жеӊиш Молдокматовго октябрь окуялары боюнча дагы төрт кылмыш иши ачылды


5-6-октябрь күндөрү "башаламандык уюштурган" деген айып менен кылмыш иши козголуп, камакка алынган оппозициялык саясатчы, "Туран" партиясынын лидери Жеңиш Молдокматовго дагы төрт кылмыш ишине, алты берене менен шектүү экени тууралуу билдирме берилди. Бул тууралуу анын адвокаты Кантемир Турдалиев "Азаттыкка" билдирди.
 
Анын айтканына караганда, Молдокматовго "Курал-жаракты тартып алуу же уурдоо", "Бийликти күч менен басып алууга аракет жасоо", "Бийлик адамына күч колдонуу же коркутуу" жана "Башаламандык уюштуруу" беренелери менен кылмыш ишине шектүү экендиги тууралуу билдирме берилген.
 
Ал жаңы ачылган кылмыш иштери тууралуу билдирмеге кол коюдан, көрсөтмө берүүдөн баш тарткан.
 
Молдокматовдун жактоочусу Кантемир Турдалиев тергөө октябрь окуясындагы бардык иштерди Жеңиш Молдокматовду күнөөлүү кылып чыгарганын "Азаттыкка" билдирди.
 
"Мен өмүрүмдө мындай мыйзамсыздыкты көргөн эмесмин. Таң калып, оозум ачылып отурат. Тергөөнүн айтуусунда октябрь окуялары учурунда жоголгон курал-жарактан баштап бардык кылмышты Молдокматов кылыптыр", - деп билдирген Турдалиев.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter