У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Сузакта милиция бөлүмүндө 48 жаштагы киши каза болду


Жалал-Абад облусунда 48 жаштагы жаран милиция бөлүмүндө каза болду. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБиден билдиришти.
 
Маалыматка ылайык, Облустук милицияга 2021-жылдын 31-август күнү саат 23:10 чамасында Сузак районунун Кызыл-Туу айыл аймагына караштуу Мундуз айылында жайгашкан Сузак РИИБдин Кызыл-Туу аймактык милиция бөлүмчөсүндө 45-50 жаштар чамасындагы эркек киши каза болгону тууралуу маалымат түшкөн. Райондук тергөө бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери, Сузак РИИБдин жетекчиси Эрнис Сатаров жана прокурордун орун басары Мирбек Тажибаев милиция бөлүмүнө келишип, маркумдун денесине соттук-медициналык эксперттин катышуусунда кароо жүргүзүлгөн.
 
Тергөө иштеринин жүрүшүндө белгилүү болгондой, ошол күнү Мундуз айылындагы азык -түлүк дүкөндөрүнүн биринде мас киши башаламандык кылып, тынчтык бербегендиктен дүкөндүн ээси милицияга кайрылган. Милиция кызматкерлери 45-50 жаштардагы эркек кишини мас абалда жүргөн жеринен милиция бөлүмүнө алып кетишкен. Милиция кызматкери ага суу берип, Мундуз айылынын тез жардам бөлүмүнүн нөөмөттөгү дарыгерин алып келип, биринчи тез жардам көрсөтүп жаткан учурда белгисиз себептерден улам каза болгон.
 
 Сөөккө сырттан кароо жүргүзгөн учурда зомбулуктун белгилери байкалган эмес. Маркум Базар-Коргон районунун 1973-жылы туулган тургуну Т.Р. экени аныкталган.
 
Сөөк маркумдун туугандарына өткөрүлүп берилди.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter