У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


“Баары цифрада” болот! Бишкекке өнүгүү керек!

"Өнүгүү-Прогресс" №15 Туура тандоо

“Өнүгүү-Прогресс” партиясы цифровизацияга өзгөчө көӊүл бурат. “Баары цифрада” аттуу долбоорду ишке киргизебиз. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр; справка алуу, мектеп, бала-бакча, ооруканага кезекке туруу, коммуналдык төлөмдөр – суу, свет, газдын акысын төлөө, бюджетти онлайн көзөмөлдөө сыяктуу баардык кызматтарды телефон аркылуу эле бүтүргөнгө шарт түзүлөт.  Натыйжада, жарандарыбыз убактысын  жана чыгымын үнөмдөй алышат. 

Цифровизациянын алкагында милиция кызматы, тез жардам, өрт өчүрүү кызматы 5 МҮНӨТТӨН кечикпеген убакытта чакыруу болгон дарекке жеткендей системаны иштеп чыгабыз. Коммуналдык кызматтарды онлайн көзөмөлдөгөн база түзүлөт. Эгер кайсы бир жерде суу түтүгү керектен чыкса, лифт иштебей калса, газ түтүгү жарылса базага сигнал түшөт, коммуналдык кызмат өкүлдөрү ошол жерге 10 мүнөттөн кечикпей барып оңдоп кеткендей болот.  

IT жана финансылык адистиги жок адам реалдуу убакыт режиминде каражат кайдан алынат жана кайда жумшалгандыгын көрүү үчүн ачык бюджеттин порталын ачабыз.

“Өнүгүү-Прогресс” партиясынын шайлоо фондунун финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Атчабарова Ж.К тарабынан төлөндү


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter