У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Айзаданын кесиптеши: Айзада 16-апрелде Түркияга учмак. Ал шектүүдөн кутулуу үчүн Түркияга кеткени жатты эле


 
Айзада айласы кеткенде ушундан кутулуу үчүн Түркияга кеткени жатты эле. Бул тууралуу Айзада менен жакын санаалаш эжеси, кесиптеши Би-Би-Сиге берген маегинде билдирген. 
 
"Ал коопсуздук маселесинен улам ысымын ачык атабоону өтүнгөндүктөн редакция аны Миргүл деп атап койдук",-деп билдирет Би-Би-Си.
 
Миргүл: Маалыматты интернетке чыгаргандан кийин райондук ички иштер бөлүмдөрүнө өзүбүз чалып сурап жаттык. Алар арызды кайда жаздыңар эле, бизге андай маалымат түшкөн жок деп жатышты. Башка райондук милиция бөлүмдөрүнө маалымат жетпептир. Арызды кабыл алган райондук ички иштер бөлүмүнүн аракетине нааразы болдук.
 
Би-Би-Си: Бала менен кыз мурунтан эле тааныш беле?
 
Миргүл: Ооба, өткөн жылы жолугуп жүрүшүптүр. Андан кийин ал баланын психикалык саламаттыгынан күмөн санай баштаганда "болду, жаныма жолобо" деп эле качып жүргөн. Ал эми тиги бала болсо артынан ээрчип, аңдып жүрүп алды. Алар шаардан эле таанышып калышкан. Айзада аябай жакшы кыз эле. Ал баладан канча качып жүрдү, артынан биз канча жолу үйүнө чейин жеткирип, тиги бала көрүп калбасын, билип калбасын деп ал баладан качырып жүрдүк. Бир жолу ала качып кетерине аз калганда жумушубуздагы жетекчибиз көрүп калыптыр. Ал машина менен аркасынан кууп барып, алып калган. Ошондон кийин "Айзада сен мындан кутула албайсың, башка жакка кетчи. Орусиягабы, Түркиягабы кет" деп келгенбиз. Өзү Кыргыз-түрк "Манас" университетин бүткөн эле. Түркия менен келишим түзүп, он алтысында учуп кетмек. Билети да колунда болчу.
 
Би-Би-Си: Демек, ала качуу, күчкө салуу аракети буга чейин дагы болгонбу?
 
Миргүл: Ооба, ошондой болгон.
 
Би-Би-Си: Милицияга эң биринчи арызды ким жазды?
 
Миргүл: Биринчи эле Айзаданын апасы барып кайрылды.
 
Би-Би-Си: Сиздер өзүңүздөр издөө иштерин кандай кылып жүргүзүп жаттыңыздар?
 
Миргүл: Айзаданын апасынын бир туугандарынын баары чыкты. Сосновакада камерага түшүп калыптыр дегенди уккандан кийин алар Кара-Балтадан тартып, болгон жерди издеп жатышты. Тааныш-билиштин баарынан сурап, издеп кишиден киши салышты. Өткөн жылы иштеген ыктыярчылардын номери сакталып калыптыр. Аларга байланышка чыгып, ушундай десек эле алар баары макул деп, издөөгө киришти. (Айзада өткөн жылы пандемия учурунда ыктыярчыларга жардам берип, аны-мунусун кошо ташышып, жеткирип жардам берип жүргөн эле). Биз интернетке чыгарбасак болбойт, интернетке чыгарып милицияны чуркатпасак болбойт дедик. Канча киши издеди! Тигил жактан чыкты, бул жактан чыкты деп эле жаттык. Ошентип жаткан учурда милиция 12-кичи райондогу дүкөндүн камерасына тушүп калыптыр деп айтты да. Ошол видеону бербей коюшту.
 
Би-Би-Си: Айзада менен ошол күнү кечке маал телефон аркылуу сүйлөштү деген маалымат чыкты. Ким сүйлөштү эле?
 
Миргүл: Айзада апасына чалыптыр. Биз Кара-Балта тараптабыз. Азыр барып калабыз деген экен. Ага чейин кун бою эч дайынын чыкпагандан жумушубуздагы жетекчибиз дагы тааныш-билишине байланышып издеп жаткан. Биз апасына чалды дегенде бир саат күтө туралы деп тынчып калдык эле. Күттүк кечки 8-9 болуп кетти. Милицияга чалсак, азыр мына карап жатабыз дешкен.

Булак: Би-Би-Си


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter