У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Сапар Исаков: «ЖЭБди реконструкциялоо учурунда өкмөттү Сооронбай Жээнбеков жетектеген»


 Бул тууралуу мурдагы премьер-министр Сапар Исаков фейсбуктагы баракчасына жазды. Текст өзгөртүүсүз берилди. 
 
«2-март күнү Жогорку Сотто ЖЭБ боюнча соттук отурум болот! Урматтуу мекендештерим соц тармактардан колдоп, коштоп бересиздер деп толук ишенем. Ачык, акыйкат сот процесстерин өтүшүн талап кылалы.

ЖЭБди реконструкциялоого 386 млн АКШ доллары боюнча келишим түзүүнүн себептери жана аны ишке ашыруудагы кемчиликтер. 

Биринчи менин катам, Сооронбай Жээнбековду коргоп ошол учурда ЖЭБде авария болгондо жоопкерчиликти өзүмдүн мойнума алганым. 
 
Экинчи себеби:
Сооронбай Жээнбековдун “Райымбек Матраимовду жумуштан алба”-деп суранганына карабай, кызматтан алганым. Мына ошондон кийин мен баштаган өкмөттү кызматтан алып, тандалма кылмыш иштери козголду. 

ЖЭБди реконструкциялоо убагында өкмөттү жетектеген мен эмес, ошол учурдагы Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков болчу. 
Анын ичинде бардык жетекчилердин: 

Анда келишим боюнча кол койгондордун баары суралсын. Анын ичинде дароо үч окууда ратификация кылгандар жана тиешелүү көзөмөл кылбай эксплуатацияга кабыл алгандар дагы.

Ал кезде иштеген ЖЭБ директорунан баштап, энергохолдинг жетекчилери жана анын структураларынын министрлери, премьер-министр, ал учурдагы Жогорку Кеңештин спикери Асылбек Жээнбеков жана үч парламенттик комитеттин төрагаларына чейин жетекчилердин жоопкерчилиги каралсын.  Башкача айтканда биздин эле эмес, Жоомарт Оторбаев, Темир Сариев, Сооронбай Жээнбеков, Асылбек Жээнбеков жана башкалары дагы суралсын! 

Депутаттык комиссия, ошол учурда тизмени толук түзгөн эмес, бир тараптуу буйрук менен түзүшкөн.
Сиздерди терең урматтап Сапар Исаков»-деп жазды ал. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter