У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Сапар Исаков: «Мамлекеттин казынасынан бир тыйын албаганымды далилдейм. Бир күнү акыйкат орнойт»


Урматтуу мекендештерим! Раимбек Матраимов, Сооронбай Жээнбековдун фейк, боттору бир тараптуу каралап жатат. Эртели кеч чындык жарк этип такталат,мен ишенем сөзсүз акыйкат орнойт. Бул тууралуу мурдагы премьер-министр Сапар Исаков фейсбуктагы баракчасына жазды. 
 
«Урматтуу мекендештерим, ардактуу кыргыз элим, кече белгисиз себептерден, жеке баракчама чабуул болду. Эмне үчүн, айтпасак да белгилүү.
Сиздердин калоо-тилектериниздерге терең ыраазычылык билдирем. Моралдык жактан чоң колдоо болуп жатат, башымды ийип таазим кылам. Көптөгөн каралоолор бир тараптуу болгонуна байланыштуу, өз-ой пикиримди жеке баракчам аркылуу билдирип турууну туура көрдүм. Бул баракча жеке өзүмө тиешелүү, эч кандай фейк аккаунт эмес, фейсбук, инстаграм баракчама катталыныздар.
Мен ишенем Кудай буюрса Кыргызстан, сөзсүз тез өнүгүп бара жаткан, Орто Азиядагы эң бай өлкөгө айланат.
Баары өз оордуна келет, сөзсүз түрдө Кыргызстандан жолугушабыз, мамлекеттин казынасынан 1 тыйын албаганымды, саясий куугунтук болгонун далилдейм.
Сөзсүз түрдө акыйкат орнойт, терең урматым менен Сапар Исаков», -деп жазды ал. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter