У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


М.Абылгазиев: «Шайлоо боюнча чечим бир жумадан кийин кабыл алынат»



 
Бул боюнча: "Кечээ президентибиз баш болуп төрага жана фракция лидерлери менен 1,5 сааттай сүйлөштүк. Эл каттоону жылдыралы, бала бакчаларды убактылуу жабалы дедик. Ал эми шайлоо маселеси боюнча бир жуманын ичинде жайылышы кандай болот, ошого жараша кабыл алган туура го. Президентибиз да ошентип айтты. Фракция лидерлери да колдоду",  -деп билдирди.
 
Ушул тапта Кыргызстанда беш шаардык, 25 айылдык кеңештин депутаттарын шайлоого үгүт өнөктүгү жүрүп жатат. Балыкчы, Каракол, Майлы-Суу, Ош жана Токмок шаар кеңештерине 22 саясий партия ат салышууда. Үгүт 13-мартта башталган, добуш берүү 12-апрелде болот. 
 
Кыргызстанда 18-мартта коронавирус жуккан алгачкы үч адам аныкталды. Алар Сауд Арабиясынан умрадан кайтып келгени белгилүү болду. Буга байланыштуу Сузак районунда өзгөчө кырдаал жарыяланды. 19-мартка карата, Саламаттыкты сактоо министрлиги кабарлагандай, Кыргызстанда коронавирустун жаңы учуру катталган жок.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter