У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Абдил Сегизбаев, УКМКнын мурдагы жетекчиси: Президенттин абсолюттук ыйгарым укуктары эмнеге алып келгени эсибизде…


Ооба, бардыгыбыз үчүн чечүүчү маал келди. Биздин келечегибиз Жапаров жана анын Минсктеги кураторлору түрткүлөгөн Конституциядан көз каранды эмес. Бул тууралуу Абдил Сегизбаев фейсбуктагы баракчасына жазды. Текст өзгөртүүсүз берилди.  

«Күтүлгөндөй эле болду... 

Садыр Жапаров Конституциянын жаңы редакциясы жөнүндөгү кайрылуусун жарыялап жатып, жаңы редакцияга карата сын айткандардын бардыгын «кыйкырып жаткандардын жүзү курусун» - деп бузукуларга теңеди. Ал өзүнүн кайрылуусунда жаңы Конституция эмне үчүн керек экендигин түшүндүрүүгө аракеттенди. Кыскасын айтканда –түшүндүрмө бар, бирок аргументтерсиз. Объективдүүлүк үчүн кененирээк токтолуп, карап көрөлү: 
Демек, Жапаров эмне жөнүндө айтты: 

• Анын айтымында, 2010-жылга чейин референдум жолу менен жарандар Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укуктарына ээ болушкан, ал эми 2010-жылы кабыл алынган Конституцияда «бир ууч адамдардын, же бир кишинин кызыкчылыгы үчүн элдин аталган укуктарын чектеп койгон». Бул жалган. 
Референдумду өткөрүү тартиби учурдагы Конституцияда так жазылган, референдум өткөрүү демилгесин парламенттик көпчүлүк жана 300 миңден кем эмес адамдан турган жарандар көтөрө алышат. Тескеринче, Жапаров сунуштап жаткан жаңы Конституцияда дал ушул жобого өзгөртүү киргизилип, референдум өткөрүү жөнүндөгү демилгесин көтөрүү президентке берилген, башкача айтканда дал ушул Жапаровдун Конституциясы “бир адамдын кызыкчылыгы үчүн” иштейт. 

Жапаровдун айтымында: «Бүткүл элдик добуш берүү аркылуу жарандардын Конституцияны кабыл алуу укугун калыбына келтирүү Акаевдин жана Бакиевдин тушунда кабыл алынган Конституцияларга кайтып келүү эмес. Тескеринче, бул мамлекеттик түзүлүшү жана мамлекеттик маанидеги башка оорчундуу маселелерди чечүүгө катышуу мүмкүнчүлүгүн элге кайтарып берүү катары эсептөө керек” - деди. Дагы бир жалган. 

Эч ким “бүткүл элдик добуш берүүгө” каршы эмес, кеп жаңы Конституциянын мазмуну жана аны кабыл алуу процедурасынын бузулушунда. Көпчүлүктүн баамында, жаңы Конституция - бул 2007-жылы Курманбек Бакиев кабыл алган  Коституциясына кайтып келүү. Ал “эми мамлекеттик маанидеги суроолорду чечүүгө” элдин катышуусун камсыздайм деген шылтоо менен Жапаров 2010-жылдагы революциянын алдындагы Бакиевдин “макулдук курултайын” жандандыруу аракети деп баалайм.  Эмне үчүн жаңы

Конституцияда Курултай Президент тарабынан гана чакыртылат? Мисалы, калк тарабынан бийликке сын-пикирлер болсо, Курултай чакыртылбайт дегенди билдиреби? Же Курултайдын тизмеси бийликчил акимдердин жана айыл өкмөтөрдүн тарабынан түзүлгөндөн кийин гана Президент Курултайды чакырабы? 

• «Коомчулукка сунушталган Конституциянын долбоору 2010-жылдагыдай бир адамдын же өзүнчө топтун кызыкчылыгы үчүн жазылып жаткан жери жок”, – дейт Жапаров. Бул дагы жалган. 
Аткаруу бийлигин толугу менен президенттин жеке көзөмөлүнө алуу үчүн, дал ушул жаңы Конституция жазылды.   Бул сөзсүз түрдө үй-бүлөлүк –кландык режимдин түзүлүшүнө алып келет. 

• Андан кийин Жапаров “коомдун талабы кандай?”- деген суроого жообун бериптир: “албетте, экономиканы көтөрүү, жарандардын социалдык талаптарын орундатуу, мыйзамдуулукту орнотуу жана башка маанилүү көйгөйлөрдү чечүү. Элдин талаптарын аткаруу үчүн жаңы Конституцияны кабыл алуу зарылдыгы келип чыкты. Анткени, 2010-жылдагы Конституция менен биз мындан ары жашай албай турганыбызды жогоруда айтылган он жылдык турмуштук тажрыйбабыз даана көрсөттү”. Жапаров ушул жерден дагы жалган айтты. 

• Биринчиден, эл Конституцияны өзгөртүү талабын койгон жок. Экинчиден, экономиканы көтөрүү, калкты татыктуу социалдык камсыздандыруу качан орундалат? Качан гана көз карандысыз, күчтүү жана демилгелүү өкмөт түзүлүп, президенттен жана анын аппаратынан көз карандысыз болгондо. Жообунда 2010-жылга чейинки беш жылды Садыр Жапаров таптакыр эстегиси келбей, айланып өтөт. Бул жылдары башкаруунун катаал президенттик формасы - коррупциянын мамлекеттик башкаруунун ыкмасына айланганын көрсөтүп, тарых өзүнүн баасын берди 2010-жылдын 7- апрелинде. 

• Андан кийин Садыр Жапаров: 20 күн мурда реформага каршы чыккандар «алар Конституциянын жабык эшиктер артында даярдап, коомдук талкулоого алып чыкпастан, кабыл алып жатышат дегендер болду» - деп билдирди. Качан гана Баш мыйзамдын долбоору коомдук талкууга алынып чыгары менен, алар кайрадан каршы чыгып, мыйзам бузуулар болуп жатат деп элдин башын айлантып, бут тосуп жатышат – деди ал. Бул эки жүздүүлүк. 
20 күн мурда жарандык коом Конституцияны бир гана Бакиевдердин юристининин жазганына  каршы чыгып, коомго таанымал юристтердин, эксперттердин катышуусунда  конституциялык кеңештин чогулушун, процедуралар мыйзам чегинде жүргүзүлүп, андан кийин гана Конституциянын жаңы долбоорун иштелип чыгышын талап кылды. Ал эми “ийкемдүү парламенттин” депутаттарынан, бийликти жактаган эксперттерден токулган бүгүнкү конституциялык кеңеш - бул жөн гана Зулпиев жазган долбоорду “мыйзамдаштыруу” аракети. Жок дегенде окшоштуруп, кеңешменин курамына миңдеп каршы чыккан жарандык коомдун өкүлдөрүн киргизип койгонго жараган жок.   

• Жапаровдун айтымында: “учурдагы Конституция Кыргызстандын өнүгүшүнө жана көз карандысыздыкты бекемдөөгө бут тосот. Буга акыркы 10 жылдагы жашоо-турмушубуз далил болду.   Кыргызстанды шопурлар, жан сакчылар жана ушул сыяктуу бир ууч адамдар башкарып келди. Алардын кесепетинен кечээ элдик толкундоолор келип чыккандыгы жалпыга маалым”.
Шопурлар жана жан сакчылар боюнча макулмун. Акыркы он жылда бийликтеги кадр маселеси жана кабыл алынган чечимдер Кыргызстандын жарандарынын нааразычылыгын жаратты. Бирок, Садыр Нуркожоевичтин акыркы дайындоолоруна элдин купулу толдубу? 

Анын үстүнө, Садыр мырза 2005-10-жылдардагы “Ак жол” партиясынан депутаттыка аттанганын жана коррупция менен күрөшүү тармагында комиссардык кызматты аркалып турган маалын таптакыр эсинен чыгарып койду. Өткөндөн бир эле мисал келтирсек: Бакиевдин режиминде коррупция чектен ашып, рейдердик басып алуулар, саясий оппоненттердин көзүн тазалоо, ал үчүн уюшкан кылмыштуу топторду колдонуу орун алган. 

2005-жылдан баштап 2010-жылга чейин 60дан ашуун саясий өлтүрүүлөр болду. Медет Садыркулов, Генадий Павлюк, Алишер Саипов, Үсөн Кудайбергенов, Жыргалбек Сурабалдиев, Баяман Эркинбаев, Руслан Шаботоев сыяктуу мыктылардын тагдырын эч ким унутпайт. 

Ошол кездеги суперпрезиденттик башкаруунун аягы 2010-жылдын 7-апрелиндеги “Ала-Тоо” аянтындагы кандуу окуя менен аяктады. 

• Сөзүнүн аягында Жапаров “биздин мамлекет жана мамлекеттүүлүгүбүз үчүн чечүүчү мезгил келди. Коомдун жүрөгүн өйүгөн суроолорго жооп берүүгө маал келди: биз мамлекетибизди өнүктүрүп, алдыга жылабызбы же биротоло жок болобузбу? Келечегибиз барбы, урпактарыбызга эмне калтырабыз?”-деди. 

Ооба, бардыгыбыз үчүн чечүүчү маал келди. Биздин келечегибиз Жапаров жана анын Минсктеги кураторлору түрткүлөгөн Конституциядан көз каранды эмес. 

Эл өзүнүн тагдырын өзү чечет. Бизди туңгуюкка түрткөн жолго кайрадан кайтабызбы же миң жылдык тарыхы бар өлкөбүздүн, элибиздин келечегин  сактайбызбы, тандоо өзүбүздө.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter