У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кой-Таш окуясы боюнча экс-президент Атамбаев сотто сурак бере баштады…

Бүгүн 3-мартта Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча кылмыш ишинин алгачкы соттук териштирүүлөр болду. Соттук жыйын эртең 4-мартта уланат.

 
Саат 4тө башталган алгачкы соттук жыйынга айыпталуучулар мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, анын мурдагы кеңешчиси Фарид Ниязов, экс-депутат Равшан Жээнбеков, парламент депутаттары Ирина Карамушкина менен Асел Кодуранова катышты.
 
Ошондой эле партиянын мүчөлөрү жана Атамбаевдин тарапкерлери болуп саналган Кундуз Жолдубаева, Канат Сагымбаев, Мээрбек Мискенбаев, Фархат Баабиев, Канат Осмоналиев, Карыпбек уулу Рыспек, Марат Шаманов, Капарбек уулу Нооруз жана Асангелди Какебаевдерди да алып келишти. 
 
Алгачкы соттук угуулар боюнча айыпталуучулардын бири Кундуз Жолдубаева: «Бүгүнкү Кой-Таш окуясы боюнча кылмыш ишинин алгачкы угуулары башталды. Айыптоочу 7 прокурор катышып жатышат. Айыпкер катары 14 киши өтүп жатат.  Соттук процесс өтүүчү залга эч шарт түзүлгөн эмес, тар, киши батпайт. 
 
2010-жылы апрель окуясында Спорт ордосу, Кыргыз драма таетрында сот процесстери болгон. Биз «бийлик силер коркпосоңор, ошондой ачык сотко шарт түзүп бергиле» деп айтып жатабыз. Биздин элден жашыра турчу, корко турчу эч нерсебиз жок. Эл күбө болсун баарына. Бул иш сотто кыйрайт.
 
Эмне үчүн күч түзүмдөрүнүн жетекчилери Кашкар Жунушалиев, Орозбек Опумбаев кыймыл аракеттерине баа берилген жок. Тергөө бир тараптуу эле жүргүзүлдү. Биз таанышканда кылмыш иши 84 том болчу, азыр 88 том болуп кетиптир. Төрт томду кайдан кошушту мен билбейм», - деп билдирди.
 
Эске сала кетсек, Кой-Таш окуясына боюнча кылмыш иштин алкагында жалпысынан  19 адамга айып коюлган. Бирок, алардын арасынан беш адам тергөө менен кызматташууга макул болуп, үй камагына чыгарылган. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter