У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Бийлик «Кыргызстан» партиясын курмандыкка чалып, Титаник сыяктуу сууга чөктүрөбү?


«Кыргызстан» партиясынын төрагасы Канат Исаев менен партиянын түптөөчүсү Шаршенбек Абдыкеримовдун ортосун кара мышык аралап,  «эки кочкордун башы, бир казанда кайнабай» турган чагы.

Экөө тең өздөрүн партия кожоюну катары санап, Жогорку Кеңешке депутат болчу талапкерлердин канчанчы тизмеде болушун өздөрүнчө түзүп, партияда эки тизме өкүм сүрүүдө. Талапкерлер кимиси канчанчы тизмеде экендиктерин билишпей баштары маң. Мындан улам, талапкерлер Исаевге же Абдыркеримовго ишенээрин билишпей ,  «Кыргызстан» партиясында ич ара ит-мышык болгондор арбын.

Ал ортодо коомчулукта, бийлик атайын «Кыргызстан» партиясына Кудайдан жөө качкандарды топтоп, аламан шайлоодо жыдытууну көздөп жатканы кеңири сөз болууда. Бийликтин планы боюнча, Кожобек Рыспаев, Дастан Жумабеков, Динара Исаева сыяктуу элдин көңүлүн «ирээнжиткен» адамдарды топтоп, шайлоодо айсбергди сүзүп талкаланган Титаник сыяктуу чөктүрүүнү көздөөдө.

Себеп дегенде, бийлик өзүнүн «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан» партияларын Жогорку Кеңешке алып өтүү үчүн «Кыргызстан» партиясын «курмандыкка чалууга аргасыз болууда.

Демек, «Кыргызстан» партиясына ишенип шайлоого аттангандар ара жолдо ала салып, «иттен жок, же ит байлаган жиптен жок» этиң тургай табагыңды таап ал болоору билинип калды.

Исаев ушунун баарын билип туруп, акча жасап калууга катуу далалат кылууда… Тизме жарыяланган соң, «Кыргызстан» партиясынын катарында кайсы шылуундар «кой терисин жамынып» баратканын, кимдердин кандай былыктары бардыгын тизмектеп жазып коомчулукка кабардар кылып турабыз…


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter