У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Пакистанда каза болгон даваатчыга өз өлкөсүнүн топурагы буюрган жок


Мындай заман болоорун ким билиптир...Даваатка кеткен бойдон кайтпай калган Пакистандагы кыргызстандык дүйнөнү каптап жаткан коронавирустун айынан башка өнөкөт оорулары кошо козголуп, чет жерден жан берди. Ага өз өлкөсүнүн топурагы да буюрбаптыр...Тагыраагы, Пакистандын Лахор шаарында "Таблиги Жамаат" кыймылынын мүчөсү, Кыргыз жараны коронавирустан көз жумганын чет элдик маалымат булактары жазып чыгышып, ал чындык экенин Тышкы иштер министрлиги тастыктады. 

Мекенинен алыс жүрүп көз жумган кыргыз жараны туугандарынын макулдугу менен Пакистанда жерге берилди. Бул тууралуу  республикалык штабдан билдирүү таратышты.

"У.А. аттуу 1947-жылы туулган Кыргыз жараны жүрөк оорусунан каза болду. Андан COVID-19 инфекциясы да бар экени аныкталган. Көз жумган жарандын экинчи тесттеринин жыйынтыгы күтүлүп жаткан, ал карантиндик зонада болчу. Маркумдун башка өнөкөт илдеттери да өрчүп кеткен. Каза болгон жарандын туугандарынын макулдугу менен анын сөөгү Пакистанда жерге берилди. Жалпысынан Пакистанда коронавирус инфекциясына чалдыккан 7 Кыргыз жараны бар. Бирөө каза болуп, алтоо обсервацияда жатат", - деп айтылат маалыматта.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter