У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Бир эле батирди эки адамга саткан "Пегас Ала-Тоо" компаниясынын шылуундугу


Бишкек шаарынан туруктуу жашай турганга турак-жай же батир сатып алуу ички миграция менен борбордон бакыт издеп келгендердин кыялы. Жаандан кийинки козу карындай жайнаган курулуш компаниялары түрдүү кызматтары менен элди өзүнө тартып, Бишкектин борборунда салынып жаткан көп кабаттуу үйлөрдү мактап-жактап сатышууда.

Карапайым калк акыркы тыйына чейин чогултуп, кыймылсыз мүлк алууга жан алекет кылышыт. Элдин мындай абалынан пайдаланып, убал-сооптон коркпой, бир эле батирди бир нече адамга сатып, бирөөнө да убадаланган батирди бербей качып жүргөн курулуш компаниялары да бар. Алардын бири  "Пегас Ала-Тоо" компаниясы.

Аталган компания кардарларга бардык документи менен батирлерди сатып, керек болсо нотариустан да күбөлөндүрүп беришет, бирок кийин келишимди өз ара бурмалашып, түрдүү шылтоолор менен карапайым элди алдап, үйлөрдү бербей келишет. Көпчүлүк кардарлар бир эле батирди экиден-үчтөн адам сатып алгандыгын билип, аң-таң болушууда. Акчасын алдаткан эл сотко, прокуратурага да кайрылып көрүшкөн, бирок мындай кадамдан майнап чыга элек.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter