У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Мас абалындагы 15 өспүрүм 50 жаштагы кишини ур-токмокко алышты


 
Ош шаарында мас абалындагы 15 өспүрүм 50 жаштагы кишиге кол көтөрүп, сабап кетишти. Бул тууралуу анын уулу 24.kg маалымат агенттигине билдирди. Анын айтымында, окуя 1-январда түнкү саат 1лер чамасында болгон.
 
«Менин атам дагы мас болчу, балдар атамдан тамеки сурашкан. Атам балдарга жакшы эле жооп берген. Андан кийин балдардын бири аны уруп, сөгүнө баштаган. Бир аздан кийин балдардын баары аны сабай башташкан. Атам алардан араӊ качып куттулган. Өспүрүмдөр атамдын эки смартфонун алып, бирок кийин кайтарып беришкен. Алардын бардыгы баңгизаттын таасири астында болушкан», - деди окурман.
 
Белгиленгендей, ур-токмокко кабылган 50 жаштагы кишинин абалы оор, колу-буту сынган, бетиндеги гематомалар. Учурда балдардын ата-энелери дарыланууга акча чогултуп жатышат.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter