У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Абанын булганышы боюнча Бишкек дүйнөдө биринчи орунга чыкты

"World Air Quality" уюмунун дүйнөлүк рейтинги боюнча бүгүн, 4-январда  Бишкек шаары абанын булганышы боюнча биринчи орунга чыкты.

Дүйнөдөгү шаарларда абанын сапатын иликтеген уюмдун сайты 4-январга караган түнү борбор калаадагы абалга кооптуу деген баа берген.

"Бул уюмдун абанын сапаты тууралуу индексинде Бишкекте аба сапатынын көрсөткүчү (AQI) 382 экени көрсөтүлгөн. Төмөнкү картада ошондой эле борбордун ар кайсы аймактарында орточо AQI көрсөтүлгөн. Ал саат сайын жаңыланып турат. Белгилей кетсек, абанын сапатынын индекси (AQI) ден соолукка кооптуу деңгээлдин жогорулап жаткандыгын көрсөткөн алты категорияга бөлүнөт. AQI 300дөн жогору болсо, ал абанын зыяндуу сапатын көрсөтөт, ал эми 50дөн төмөн болсо абанын сапаты жакшы дегенди билдирет", - деп жазылат аталган уюдун расмий сайтында.




Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter