У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Бүгүн коронавирустан 1 адам көз жумду, 241 бейтап оор абалда, 122 киши жаңыдан жуктурду


COVID-19га каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 1-январдагы маалыматына караганда, соңку бир сутка ичинде вирус Бишкекте дагы бир кишинин өмүрүн алды.

Бир күндө вирус дагы 122 кишиден жаңы аныкталды. Марттан бери илдет жугузуп алгандардын расмий эсеби 81156 адамды түздү. Анын 76148и сакайганы айтылды. Бир күндө 230 адам ооруканалардан айыгып чыкты.

Кыргызстанда COVID-19 менен ооруканада 991 бейтап жатат. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штаб 1-январда билдирди.

Бейтаптардын ичинен өтө оор абалда 50 (5%), оор абалда 241 (24,3%), орто оордукта 687 (69,3%), канааттандыраарлык абалда 13 адам (1,3%).
Учурда вируска чалдыккан 1093 бейтап стационарда, 1756 киши үй шартында дарыланууда. Амбулатордук дарыланууда – 1746 бейтап бар. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter