У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Коронавирустан Лукашенко эс-учун жоготконбу?..

Беларусь президенти Александр Лукашенкодо коронавирус  COVID-19дун симптому пайда болгонун белоруссия прессасы жазып атат, деп билдирди Россиянын “Федеральное Агентство Новостей” маалымат каражаты,  13-мартта.
ММКнын маалыматтарына караганда Беларусь лидери тумоолоп калган, ал түгүл эс-учун да жоготкон.  
Мындай каңшаарлар биринчи кезекте Лукашенконун коомчулук менен «Президент менен чоң бааралашуу» («Большой разговор с президентом») деген салттуу жолугушуусун башка убакка жылдырган  фактысы менен бышыкталып жатат.

Лукашенконун өкүлү Наталья Эйсмонт бул туурасында өтө кызыктай комментарий берди, бир чети иш-чаранын өтпөй калганын коронавирус эпидемиясына байланыштуу экенин мойнуна алды. «Маселе жалгыз гана коронавируска байланышкан эмес», деди Беларусь президентинин пресс-катчысы. Андан ары  пресс-катчы  башка маалымат бербегени элге күмөн жаратууда.

“Акыркы 24 саатын ичинде   10 982 кишиге коронавирус жугуп, 343 тумоологон адам көз жумду деп билдирди ВОЗ (Бүткүл дүйнөлүк саламматитык сактоо уюму)”, - деп жазды  РИА Новоости”.

Азыркы учурга карата коронавирус тумоосун жуктургандардын саны дүйнө жүзүндө  153 517 кишиге жетип, 5375 адам көз жумган. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter