У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Окуу китептеринин мазмунун, сапатын жакшыртуу максатында "Окуу китеби" борбору түзүлдү


 Окуу китептеринин мазмунун, сапатын жакшыртуу максатында республикалык илимий-практикалык "Окуу китеби" борбору түзүлдү. 

Билим берүү жана илим министри А.Бейшеналиев борбордун ишин уюштуруу, окуу китептерин чыгаруунун эффективдүүлүгүн арттыруу багытында тиешелүү адистер менен жыйын өткөрдү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. 
 
Маалыматка ылайык, түзүлгөн борбор: 
Жаңы муундагы окуу китептери менен камсыздайт;
Авторлорду окутуп, алардын базасын түзөт;
Эксперттерди окутуп, аларды сертификациялайт;
Окуу китептерин сапаттуу экспертизадан өткөрөт;
Экспертизанын 4 түрүн уюштурат (илимий, илимий-педагогикалык, педагогикалык-практикалык, гендердик);
Окуу китептерин даярдоого байланыштуу нормативдик документтерди иштеп чыгат;
Окуу китептеринин мазмунуна мониторинг жүргүзөт;
Окуу китептеринин сапатын жакшыртуу үчүн басма үйлөрүнө сунуш берет.
Электрондук окуу китептерин даярдайт.
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter