У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Казакстан чек арадагы көзөмөлдү күчөттү

     
Казакстан 26-октябрдан баштап аба каттамы менен келген жарандарды ПЦР-тесттин жыйынтыгы жок өлкөгө киргизбейт. Бул тууралуу Казакстандын башкы санитардык дарыгери Садвакас Байгабуловдун билдирүүсүнө таянып жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыкты. 
 
Маалыматка ылайык, авиакаттамдар менен келген ар бир жаран Казакстандын аймагына кирерде ПЦР-тесттин жыйынтыгын көрсөтүшү зарыл. Тесттин жыйынтыгы жок адамдар өлкө аймагына киргизилбейт. Бул шарт өздөрүнүн жарандарына дагы тиешелүү. Тесттин жыйынтыгы жок адамды алып келген авиакомпания ири суммадагы айыпка жыгылат. 
 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter