У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Субаналиев: «Мен парламенттик шайлоого катышпайм»


Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Өмүрбек Суваналиев парламенттик шайлоого барбайт. Бул тууралуу жарандык коомдун 8-октябрда өткөн жыйынында өзү билдирди. 
 
«Мен «Бүтүн Кыргызстан партиясынан депутаттыкка талапкер болчумун. Ал партиядан чыктым. Азыр бир дагы партиянын катарында жокмун. Алдыда өтө турган парламенттик шайлоого катышпайм. Мага мандат кызык эмес, мага өлкөбүздүн бүтүндүгү, тынчтык керек»,-деди ал.
 
Ошондой эле Субаналиев кырдаалды мындан ары да курчутуп жибербөө үчүн Коопсуздук кеңеши укук жана тартип коргоо кызматтарынын ишин координациялоону өз колуна алганын айтты.
 
«Азыр абал оор. Кырдаалды курчутуп жибербеш үчүн саясий партиялар бир пикирге келип, бийликти талашпай чечим кабыл алышы керек. Болбосо экинчи башаламандык башталып кетет»,-деп кошумчалады ал. 




Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter