У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Жээнбеков бүгүн, 1-октябрда, коронавирус пандемиясына каршы күрөшкө салым кошкондорго мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды


Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 1-октябрда, коронавирус пандемиясына каршы күрөшкө салым кошкон кыргызстандыктарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды.

Өз куттуктоо сөзүндө Мамлекет башчысы Кыргызстан элинин жогорку деңгээлдеги тилектештигин жана ынтымагын сыймыктануу менен белгиледи.

«Кары-жашына, ээлеген кызматына карабай чын дилинен элге жардам берген азаматтарыбыз көп болду.  Эл биримдиги жүздөгөн жарандырыбыздын өмүрүн сактады», — деп баса белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков. Мамлекет башчысы бийик абийир жана жогорку атуулдук жоопкерчилик менен кесиптик милдеттерин аткарган медицина кызматкерлеринин пандемияга каршы күрөшүүгө кошкон салымын өзгөчө белгиледи.

Президент ошондой эле оорудан сактап калууга мүмкүн болбогон мекендештерди эскерип, кайгыруу менен көңүл айтты.

«Баарыбызды бир милдет бириктирип турат. Бул — өлкөдө коронавирус инфекциясынын жайылышын мындан ары болтурбоо. Биз мамлекеттик бийликтин, жарандык жана бизнес коомчулуктун, ошондой эле эл аралык өнөктөштөрдүн күч-аракетин бириктирүүнү көздөйбүз. Ошол эле учурда ар бир адамдан өзү жана жакындары үчүн бийик жарандык жоопкерчилик талап кылынат», — деп баса белгиледи Мамлекет башчысы.

Эске салсак, мамлекеттик сыйлыктар менен медиктер, ошондой эле пандемия менен күрөшкө тартылган куткаруу кызматынын, укук коргоо жана башка мамлекеттик органдардын кызматкерлери, медицина факультеттеринин ыктыярчы-студенттери, журналисттер сыйланышты.

Коронавирус инфекциясына (COVID-19) каршы күрөшүүгө, калктын саламаттыгын сактоого жана улуттун санитардык-эпидемиологиялык бакубаттуулугун камсыз кылууга салым кошкондугу, кайратман жана ак ниет эмгеги, туруктуулугу жана чыдамкайлыгы, жарандык милдетине берилгендиги, адам өмүрүн сактоо ишиндеги кесипкөйлүгү үчүн «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктарына 2020-жылдын 3-июлунда — Кыргыз Республикасынын медицина кызматкерлеринин күнүнө карата жана 27-августта, өлкөнүн Көз карандысыздык күнүн утурлай кол коюлган.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter