У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Коронавирус менен ооруган жаран тойдо жүргөн жеринен кармалды


Баткен шаарында жүргүзүлгөн рейдде үйдө өткөрүлүп жаткан тойлор токтотулуп, айып пул салынды. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдан билдиришти.
 
Бүгүн, 30-сентябрда Баткен шаарында рейд жүргүзүлүп, үй шартында өткөрүлгөн 2 той аныкталып, 3000 сомдон айып салынып, той ээлерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Рейддин негизинде коронавирус менен ооруп, тойдо жүргөн жаран кармалып, ал жаранга атайын органдар тарабынан тийиштүү чаралар көрүлдү. 
 
26-28-сентябрь күндөрү жалпы облус боюнча 1036 ишкана, той өткөргөн турак үй жана коомдук жайларга рейд жүрүп, жалпы 193 миң сомго айып салынган.
 
Анын ичинен үй шартында өткөрүлгөн 11 тойдун ээлерине КР Бузуулар жөнүндөгү кодексинин 293-беренесинин негизинде протокол түзүлүп, ар бирине 3000 сомдон айып пул салынган.
 
Ал эми Кызыл-Кыя шаарынын «Таштемир Ажы» соода базары санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузгандыгы үчүн КР Жоруктар кодексинин 127-1-беренесинин негизинде иш козголуп, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter