У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Өкмөт: Тойлорду өткөрүүгө тыюу салуу талабы күчөйт


Республикалык штаб жергиликтүү бийликке жана мамлекеттик органдарга эл көп чогулган массалык иш-чараларды жана тойлорду өткөрүүгө тыюу салуу талабын коюп, көзөмөлдү күчөтүү тапшырмасын берди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге ылайык, штабдын жыйынында Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү айрым аймактарда коронавирус жана өпкөсү сезгенген учурлар катталып жатканын айткан.

"Кыргызстандыктардын көбү бет кап тагынбай, киши арбын чогулган иш-чаралар өтүп жатат. Мындан улам жаңы учурлар катталууда. Жүргүзүлүп жаткан эпидемиологиялык иш-чаралар жана түшүндүрүү иштери адамдар тарабынан көз жаздымда калууда", — деп айтылат өкмөттүн маалыматында.

Жыйындын катышуучулары кафе жана ресторандарда ар кандай той, салтанаттар арбын өтүп жатканын белгилеп, айып пулдун өлчөмүн көбөйтүү үчүн административдик чараларды күчөтүү керектигин айтышкан.

Биринчи вице-премьер Алмазбек Баатырбеков өкмөт пандемияны эске алып салыктарды жеңилдетсе, ишкерлер оору менен күрөшүүгө жардам бергендин ордуна тойлорду жашыруун өткөрүп жатканын белгилеген.

"Тойлорду жана башка массалык иш-чараларды өткөрүү боюнча абал өзгөрбөсө, өкмөт мыйзамга ылайык башка чараларды кабыл алат", — деди Баатырбеков.
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter