У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Эмгеги сиңсе да наамы жок жүргөн атактуулар


Сыйлык, наам чыгармачыл инсан үчүн эле эмес, бардык эле тармакта эмгектенгендер үчүн стимул экени талашсыз. Ошентсе да арабызда өнөргө өмүрүн арнаган, элинин сый-урматына эчак эле татыган, өз ишинин майын чыгарган профессионалдар, башкача айтканда маданият тармагындагы опол-тоодой эмгеги бар инсандардын  ушул күнгө чейин бир дагы наам албай жүргөндөрү бар. Биз алардын айрымдарын тизмектедик.

Айнаш Аширова 
1994-жылдан бери котормо студиясында бөбөктөр үчүн көрсөтүлгөн жомоктордо үн коштоп келет. Анын үнүн чоңдор эмес, бөбөктөр да алыстан таанышат. Ушул жашка келгенге чейин бир дагы мамлекеттик сыйлык албаганы тууралуу өзү да маалымат булактарына айтып келет.
“Мамлекеттик сыйлыктарды эки-үч ырды ырдап коюп эле, менин балам менен тең жаштар алып жатпайбы. Анан билбейм, өзүм деле жулкунуп мага наам бергиле деп көрбөптүрмүн. Себеби, эл баарын билет. Балким, менин ала турган учурум келе электир” деген маектеринин биринде. 
 
Борончу Кудайбергенов
Белгилүү куудул Борончу Кудайбергенов да ушул күнгө чейин бир дагы сыйлык албай келе жатат. Жаштардын улуулардан мурда сыйлыкка жулунганын туура эмес көрөөрүн айтып келет. “Азыркы наам алып жаткан жаштарыбыз маданиятта жүргөндөн кийин, өздөрү деле «кой, бизден улуулар бар»деп койбостон, керек болсо акчасын бере салып наам алгандарын чала-була угуп жүрөбүз” дейт маектеринин биринде Кудайбергенов.
 
Гүлнара Кахарова
Гүлнара Кахарованын ырлары менен мындайча айтканда бир муун чоңойду десек да болот. Канчалаган авторлордун ырларын хитке айлантып, элдин жүрөгүнө жеткире аткарып келгенине карабай эмгиче эмгеги баалана элек.  
 
Нурлан Калыбеков
Ырлары жүрөктүн түпкүрүнө жеткен, эл баалаган акындардын бири. Республикалык Жолон Мамытов атындагы, Казакстандын Мукагали Макатаев жана Габит Мусрепов атындагы адабий сыйлыктардын ээси. Ырлары орус, казак, азербайжан тилдерине которулган. А.Осмоновдун “Ата журт”, Ж.Мамытовдун “Издейм сени”, Т.Кожомбердиевдин “Мен тоолордун уулумун” аттуу китептерин түзгөн. Чыгармачыл жаштардын республикалык «Нурборбор» бирикмеси аркылуу жүздөгөн жаштарга багыт берип, адабиятты сүйүүгө, акындык өнөрдү баалоого жан үрөп кызмат кылып келет. 
 
Назым Мендебаиров
Белгилүү театр жана кино актеру, таланттуу режиссер, профессионал педагог, эл сүйгөн “Дем” театр-студиясынын негиздөөчүсү. Театрлардын флагманы болгон Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында дээрлик 30 жылга жакын убакыттан бери эмгектенип келет. Элге тасмалардагы өзгөчө образдары, театрдагы анын режиссерлугу астында коюлган спектаклдери, аткарган ролдору аркылуу таанылып келет.  

Токтобүбү Черикчиева
Булбулдай таңшыган үнү менен миңдеген күйөрмандарынын жүрөгүн багындырып келет. Канчалаган авторлордун ырларына жан берген кайталангыс талант. 15 жашында улуттук филармониянын астанасын аттап, ошол күндөн ушул күнгө чейин кыргыз маданияты үчүн жан үрөп кызмат кылып келе жатат.

Мерген Турган
Кыргыз эстрадасынын тарыхын Мерген Турган деген ысымсыз элестетүү мүкүн эмес. Өзгөчө образы, чыгармалары, аткаруусу менен эчак эле элге эмгеги сиңген талантуу инсан мамлекет тарабынан бир дагы наамга татыбай келгенин өзү да айтып келет.

Бакыт Мамаев
“Сүймөнкул тур ордуңдан”, “Арзуу”, “Бойдоктор”, “Жүрөктөш” өңдүү обондордун автору, белгилүү эстрада ырчысы Бакыт Мамаев да сыйлык деп жүгүрбөгөндөрдүн катарында. Ошентсе да эмгегин баалаган эли бар экенине, ырларынын эл сүйгөн обондорго айланып кеткенине каниет.

Назгүл Жамгырчиева
Өзүнөн  мурда үнү элдин  жүрөгүн багынткан инсандардын бири. Эмгек жолун "Кыргызстан Обондору" радиосунан радио ди-джей болуп баштаган. Андан соң "Миң-КыялFM", "Түнкү Белес", Кыргыз радиосунун радиобирикмесинде үн режиссер болуп иштеген. "Санжыра" радиосун негиздеген. Ушул күнгө чейин мамлекет тарабынан сыйлыкка татый элек.

Булак: Фабула Пресс

 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter