У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Курсан Асанов: "Жасаган кадамыма өкүнбөйм, туура кылдым деп эсептейм"


Бүгүн, 7-августта Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановго козголгон кылмыш иш боюнча сот отуруму уланууда.

Сотко Адылбек Эменбаев судьялык кылууда жана отурум жабык эшик артында өтүп жатат. 

Сот башталганга чейин Курсан Асанов ага коюлуп жаткан айыптоолор негизсиз экенин айтты.

Айтымында, ага коюлуп жаткан үч айыпка тең далил жок. Ал: "Мен Кой-Таш окуясында жасаган кадамыма өкүнбөйм, туура кадам жасадым деп эсептейм. Себеби кан төгүүсүз Алмазбек Атамбаев сүйлөшүүгө келип, баары тынчтык жолу менен чечилген. Буга эл да күбө", - деди Асанов.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter