У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Вирус жок деп ишенбей келген Александр Лукашенко коронавирус жуктуруп алды


Вирустун бар экенине ишенбей келген дүйнөлүк лидерлердин бири Беларусь өлкөсүнүн президенти Александр Лукашенко коронавирус инфекциясын жуктуруп алды. Бул тууралуу президент өзү жергиликтүү басылмаларга билдирген.

"Акыркы убактарда көп нерселер жөнүндө айтууга туура келип жатат. Бирок таң калычтуусу сиз бүгүн коронавирусту жуктуруп алган адам менен жолугуп жатасыз", - деген Лукашенко.
Мындан тышкары президент оору эч кандай симптомдору жок өтүп жатканын айткан.

Кызыгы, ал өзүн жакшы сезип жаткандыгына байланыштуу коронавируска карата тесттен өтүүнүн эч кандай кажети жок экендигин айткан.

Беларусь өлкөсүндө жалпы 67 миң 366 адамдан коронавирус аныкталды. 543 адам каза болсо, 60 миң 669 бейтап айыгып чыкты.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter