У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Өзбекстан вирус жуктуруп алган туристке 3000 доллар компенсация төлөп берет

Өзбекстандын президенит Шавкат Мирзиёевдин 19-июнда кол койгон токтомуна ылайык, Өзбекстанга келген туристтер коронавирус илдетин жуктуруп алса, 3000 доллар кенемте алышат. 
Документ «Uzbekistan. Safe travel guaranteed» («Өзбекстан. Коопсуз саякатка кепилдик берилет») деп аталат.
 
Өлкөдө коопсуз туризм фонду түзүлүп, ага Антикризистик фонддон 2 млн. доллар бөлүнөт.

«Жергиликтүү жана чет өлкөлүк туристтер коопсуз аймакта жүргөнүнө ишенимдүү болушу керек. Туризм индустриясында иштегендер бир катар талаптарды аткаргандан кийин атайын сертификатка ээ болушат. Бул сертификат туристтер менен иштөөгө мүмкүнчүлүк берет»,-деп билдирди Саламаттык сактоо улуттук палатасынын төрагасы Равшан Изамов. 
 
 Өзбекстанда коронавирус илдетин жуктуруп алгандардын саны 6025ге жетти, анын ичинен 19 бейтап каза болду. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter