У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кылычбек Султанов: "Кыргызстандагы коронавируска байланыштуу кырдаалдын курчуп кеткенине бир гана бийлик күнөөлүү"


Мурдагы элчи Кылычбек Султанов Кыргызстандагы коронавирус менен күрөшүү натыйжасыз болуп жатканына нааразычылыгын билдирди.  Бул тууралуу пикирин ал социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.

"Кыргыз өлкөсүндө коронавируска байланыштуу кырдаал курчуп баратканы айдан ачык, бийлик жакында жарандардын эркин кыймылын чектей баштайт. Көзөмөлдөгү маалымат каражаттары аркылуу эрежелерди сактабаган эл өзү күнөөлүү деп таңуулайт. Эл өзгөчө абалда, өзгөчө кырдаалда эки ай чыдады. Бул аз эмес. Эл өзүнүн эркиндигин, экономикалык чектөөлөрүн курмандыкка чалуу менен бийликтин чечимин кабыл алып, аларга кризисти калыбына келтирүүгө жетишерлик убакыт берди. Бийлик ишин аткара алган жок жана бул бир гана бийликтин күнөөсү. Өздөрүн кызматтан айдашсын", - деп жазды Султанов.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter