У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Нарында жамгырдан кийин суу ташкыны пайда болуп, шаардын айрым көчөлөрүн суу каптады


Социалдык тармактарда Нарын шаарына кире бериште жамгырдан кийин суу ташкыны пайда болуп, тоодон ылдый түшүп жаткан видео тараган. Нөшөрлүү жамгырдын кесепетинен тоонун түбүндөгү каналдан суу ташып, айрым көчөлөрдүн жолдорун, үйлөрдү каптаганы маалым болду. 

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, саат 16:00 чамасында жаап өткөн жамгырдын кесепетинен жаан суусу үйлөрдүн короолорун жана көчөлөрдү каптап жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине мекеменин Нарын облусу боюнча башкармалыгынан ыкчам топ, Нарын шаардык №16 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнөн куткаруучулар тартылган.

2-июндун кечинде Нарын облусунун Чаек айылында каналдан суу ашып, Кашка-Терек жана Май-Кокту тилкесинде жайгашкан беш үйдүн ичин, 16 үйдүн короосун каптаган. Адамдар жабыркаган жок.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter